Депутат жыйынга келбеген кесиптештеринин айлык маянасын кыскартууну талап кылууда

Партиясыз депутат Өмүрбек Абдырахманов парламентарийлердин Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпагандыгына нааразы. Ал жыйындарды калтырган кесиптештеринин айлыктарын кыскартууну сунуштап жатат. Жооп катары оппонент-депутат анын «акыл-эси ордунда эмес» деди.

Партиясыз депутат Өмүрбек Абдырахманов Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпаган кесиптештеринин айлык маяналарын кыскартууну талап кылды.

«Дүйнө жүзү боюнча - эгер адам жумушка чыкпаса ага айлык эсептелбейт. Мен эгер депутат пленардык жыйынга келбесе, анын айлыгын кыскартууну сунуштап жатам», — деди Абдырахманов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал белгилегендей, депутат жыйынга келбей калса сыркоолук баракчасын көрсөтүшү керек.

«Кыскартылбашы үчүн депутат сыркоолук баракчасын же чет өлкөгө барган иш сапары тууралуу күбөлөндүрүү кагазын көрсөтүшү керек», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Абдырахманов парламент жыйынын тез-тез калтырган депутаттарды так айтып бере алган жок.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Азамат Арапбаев Абдырахмановдун идеясын колдойт.

«Бул эч кандай себепсиз эле жыйындарга келбеген депутаттарга карата адилеттүү чечим болот деп ойлойм», — деди ал.

Бирок эл өкүлүнүн бул сунушунун каршылаштары да бар. Алардын катарына Абдырахмановдун «акыл-эси жайында эмес» деген анын мурунку партиялашы, «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Эркинбек Алымбеков да бар.

«Ал [Абдырахманов] — легитимсиз депутат. Ал эч кимдин өкүлү эмес жана акыл эси да жайында эмес деген шектенүүлөр бар [...] Кантсе да депутат — бул жогорку статус, биз депутаттын ишмердүүлүгүнө мектеп окуучусунун ченеминдей мамиле жасабашыбыз керек», — деди Алымбеков Kloop.kgге берген маегинде.

Алымбеков Абдырахмановдун өзү да жыйындарга катышпайт деп билдирди.

«Биринчи ал өзү үчүн жооп берсин», — деди «ата-мекенчи».

«Ата-Журт» — жыйынга катышпагандардын лидери

Юрист Нурбек Токтакунов үстүбүздөгү жылдын июнунда парламент жыйындарын көп калтырган депутаттардын тизмесин жарыялаган. Анын маалыматтары боюнча, ал эл өкүлдөрү парламенттин жыйындарын 2011-жылдын январынан ноябрына чейин себепсиз калтырышкан.

Оппозициялык «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарынын баардыгы биригип парламент жыйынын бир жылда 79 жолу калтырышкан — бул 2011-жылдагы жыйындарга келбеген көрсөткүтөрдүн үчтөн бирин түзөт. Жалпысынан Жогорку Кеңеште «Ата-Журттун» 28 депутаты бар.

Ал маалыматтарга ылайык, фракциялар арасында жыйынды калтыруу боюнча экинчи орунга «Республика» фракциясы илинген — 23 депутаты бар бул партиянын эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин 51 жыйынына катышкан эмес.

Токтакуновдун маалыматы боюнча, 2011-жылдагы парламент жыйындарын калтыргандарды жалгыз санаганда биричи орунга КСДПнын депутаты Мамытбай Салымбеков ээ болгон - эл өкүлү 15 жыйынга катышкан эмес.

Экинчи жана үчүнчү орундарды «Ар-Намыстын» депутаты Анарбек Калматов менен «Республиканын» депутаты Курманбек Дыйканбаевдер өз ара бөлүшүшкөн - экөө тең парламенттин 11 жыйынына келбей калган.

Автор: Эльдос Казыбеков