Депутаттардын айлык маяналары мыйзамдын негизинде ачыкка чыгарылышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети депутаттардын айлык маяналарын ачыкка чыгаруу жөнүндөгү токтом долбоорун жактырды. Бул депутаттардын айлыктарын ачыкка чыгаруу үчүн укук коргоочулар менен Жогорку Кеңештин бир нече ай соттошуусунан кийин болуп жатат.

Демилгечи, социал-демократтар фракциясынан депутат Данияр Тербишалиевдин айтымында, токтом долбоорунда бардык мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун жетекчилеринин айлык маяналарын ачыкка чыгаруу тууралуу айтылган.

«Бардык өлкөдө белгилүү адамдар, алардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер да канча айлык ала тургандыгын элге ачык айтат. Коомчулук мекемелерде, министрликтерде, парламентте кандай каржылык процесстер болуп жаткандыгын жана акча кайсыл жакка жумшалып жаткандыгын көрүп турушу керек», — деди депутат Kloop.kgге берген маегинде.

Токтом долбоору Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети тарабынан 18-декабрда кароодон өттү.

Комитет мүчөлөрү депутаттардын айлык маяналары жөнүндөгү маалыматты жашыруун грифинен алып салуу демилгесин жактырышты. Андан сырткары алар эл өкүлдөрүнүн айлыктарынын «кызматтык колдонуу үчүн гана» деген статусун да алууну сунушташты.

Бирок комитет өкмөттөгүлөрдүн айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу маселесин караган жок.

«Мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамга ылайык, ар бир мамлекеттик орган кайсы материалдарын жашыруун кылууну өздөрү чечет жана алардын жашыруундуулук деңгээлин өздөрү аныктайт. Ошондуктан биз - Жогорку Кеңеш - өкмөткө кайсы бир документтерди ачыкка чыгаргыла деп айта албайбыз», — деди Регламент жана этика комитетинде иштеген парламенттин аппаратынын кызматкери Айчүрөк Назаралиева.

Токтомдун күчүнө кириши үчүн ал үч окуудан өтүшү керек.

Бир нече айдан бери депутаттардын айлык маяналарын ачыкка чыгаруу үчүн парламент менен соттошуп келе жаткан «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов эл өкүлдөрүнүн айлыктары тууралуу маалыматтарды жашыруу депутаттардын өзүлөрүнө эмес, Жогорку Кеңештин аппаратына «пайдалуу» деп эсептейт.

«Мен канча депутат менен сүйлөштүм, алардын эч кимиси айлыктарын жашырбайт, ал эми Жогорку Кеңештин аппараты жашырып жатат. Мындан улам аппараттын өзү бир нерсе кылып жатат деген ой пайда болууда [...] Мына, ал тууралуу аппараттын позициясына каршы келген парламенттин [депутаттардын] чечими айтып жатат», — деди Токтакунов.

Биздин айлык — сыр эмес

«Республика» фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин аппараты парламентарийлердин айлык маяналары тууралуу маалыматты эмне үчүн жашырып жаткандыгын баамдай албай турат — ал айына кошумча акыны эсепке алганда 30 миң сом алат.

«Биздин айлык маянабыз — жашыруун эмес», — деген эл өкүлү.

Ирина Карамушкина өзүнүн кесиптеши менен бир пикирде. Ал айлыгы аткарган жумушуна, иш күндөрүнө жараша 28-30 миң сом болоорун айтты.

«Ата-Журттун» депутаты Роман Шин айлык маянасы «жашыруун» эместигин билдирген — айтымында, ал айына 39-40 миң сом алат.

Буга чейин Kloop.kg тарабынан сурамжыланган парламент депутаттары эмне себептен Жогорку Кеңештин аппараты эл өкүлдөрүнүн айлыктары тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылып жаткандыгын түшүнбөй элебиз деп айтышкан.

Автор: Алексей Ким