Көгүлтүр от бишкектиктерге «бир нече күндүн аралыгында» бериле баштайт

 «Бишкекгаз» Бишкектин жеке секторуна көгүлтүр от берүүнү үч-төрт күндүн аралыгында калыбына келтирет, деп билдирди компаниянын директору Таалайбек Далбаев. Анын айтымында, газ берүү 19-декабрь күнү эртең менен башталган.

Далбаев Kloop.kgге берген маегинде газ Бишкектин электр жарыгы жок болгон райондору менен чет жакаларына туташтырылып баштагандыгын билдирди. Алардын катарына шаардын Пишпек, Кызыл-Аскер жана Төмөнкү Ала-Арча бөлүктөрү, ошондой эле Пригородный, Маевка айылдары кирди.

Далбаев Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Казакстандын премьеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө бишкектиктерди тиешелүү көлөмдөгү газ менен камсыз кылууга макул болгондугун айтты.

«Бишкекгаздын» директору жетишилген макулдашуулар тууралуу кеңирирээк айтып берген жок.

14-декабрдан бери Бишкектин жеке сектору дээрлик толугу менен - Пишпек, Кызыл-Аскер жана жумушчулар шаарчасы сыяктуу бөлүктөрү, ошондой эле шаар четиндеги Орто-Сай, Чоң-Арык, Маевка, Төмөнкү Ала-Арча жана Лебединовка айылдары көгүлтүр отсуз калууда.

Буга чейин Бишкектин 13 ишканасында газ берүү токтотулган, алардын арасында Жылуулук электр борбору, «Кока-Кола» заводу жана бал муздак чыгаруучу «Шин-Лайн» заводдору да болгон.

Бул «авариялык кырдаалдарды алдын алуу үчүн» жасалды, деген газ бөлүштүрүү компаниясы.

Көгүлтүр отту өчүрүү «Казтрансгаз» газ берүүнү саатына 30 миң куб метрге азайткандан кийин башталган, деп билдирүүдө «Кыргызгаз»

Муну менен катар Кыргызстандын түндүгүндөгү газ колдонуу саатына 38 миң куб метрди түзүп жатат.

Бул кырдаалды «Казтрансгаз» өзүнүн кыргыз кесиптештерине жазган катында «өзбек газынын чектелгендиги», ошондой эле «Казакстандын түштүгүндөгү газдын жетишсиздиги менен» түшүндүргөн.

Борбордун көгүлтүр отсуз калган жашоочулары 17-декабрда «Ала-Тоо» аянтына митингке чыгышкан, бирок аба ырайы суук болгондуктан митинг белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылган.

Кыргызстандын карыздары

«Кыргызгаз» ноябрдын аягында да көгүлтүр отту Бишкектин түндүк бөлүгүнө берүүнү эки аптага токтоткон — буга Казакстандын алдындагы карыз себеп болгон.

Көгүлтүр от берүү 27-ноябрда, шаардын башка аймактарындагы газдын басымынын төмөндөтүлүшүнүн эсебинен жарым-жартылай калыбына келтирилген. Борбордун жашоочуларына газ 4-декабрда толук көлөмдө бериле баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын казак жана өзбек газ жеткирүүчүлөрүнүн алдындагы карызы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Автор: Александра Ли