Бишкектин орус драмалык театрындагы өрттөн эки адам жабыр тартты

Өрт Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Орус драмалык театрдын имаратынын экинчи кабатында болжол менен кечки саат жетилерде башталган. Дарыгерлердин айтымдарында, өрттөн эки киши жабыр тартты.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн пайда болуусунун болжолдуу себеби катары электр чыңалуусунан улам зымдан чыккан жалынды айтып жатышат.

Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматынын дарыгери Kloop.kgге берген маегинде өрттөн эки киши жабыр тарткандыгын билдирди  -  бир кыз ис газына ууланып, дагы бир бала башына түшкөн белгисиз предметтен баш-сөөгү чайкалган.

«Мен ноутбук алайын деп документтерим турган жерге киргем. Жалынга окшогон нерсени көрүп өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдым. Анан бөлмөнүн ортосунан башыма бир нерсе түшүп кетти», – деди драмалык театрда иштеген жабырлануучу.

Тез жардам кызматынын дарыгери Чынара Жолдошбаеванын айтымында,  жабыр тарткандарды дарылоо үчүн Улуттук госпиталга алып кетишти. Ал эми кызга биринчи тез жардам көрсөтүгөн соң үйүнө кеткен.

Өрт башталган учурда имаратта жети киши болгон, алар коопсуз жерге жарым сааттын ичинде чыгарылды. Өрт өчүрүүлөрдүн айтымдарында, имараттын ичинде түтүн өтө көп болуп, адамдарды издөөнү бир топ кыйындаткан.

«Бардык жерди түтүн каптап кеткен. Бирок биз түтүндү кыса турган аппарат кийип алганбыз, ошондуктан анын жардамы менен адамдарды алып чыгуу оңойураак болду», –  деди Биринчи май районунун өрт өчүрүү кызматынын тескөөчүсү Жаннат Осмонов.

Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев Kloop.kgге берген маегинде учурда өрт  толугу менен өчүрүлгөндүгүн айтты.

«Өрт өчүүрүү кызматы өчүрүп бүттү. Адамдарды алып чыгышты, каза болгондор жок», – деди аким.

Болжолдуу маалымат боюнча өрт экинчи кабаттан башталган. Өрттөн музыкалык бөлмөнүн 60 чарчы метри жапаа чекти.

Автор: Алексей Ким

Сүрөттүн автору: Зарема Султанбекова