Сууктан улам мектеп окуучулары каникулга беш күн эрте тарайт

 

Билим берүү министрлиги сууктан улам Кыргызстандын мектеп окуучуларын каникулга беш күн эрте кое берет. Мугалимдер бул чечимди жакшы түшүнбөй, анын чукул жарыялангандыгына нааразы болуп жатышат.

Kloop.kgнин журналистине кышкы каникулдун узартылгандыгы тууралуу маалыматты билим берүү министринин кеңешчиси Эдиль Молдоев ырастады.

«Бул күндүн суук болуп кеткендигине байланыштуу», — деди ал.

Анын айтымында, кышкы каникул 24-декабрдан 10-январга чейин созулат. Бирок окуучулардын жазгы каникулу кыскартылып, бир аз азыраак болот деди Молдоев.

Ал белгилегендей, каникулдун аяктоо күнү так бекитиле элек жана өзгөрүп да кетиши мүмкүн.

Бишкектеги №14 мектептин окуу бөлүм башчысы Эльмира Абдыкасымова министрликтин бул токтомуна жакшы эле көз карашта экендигин айтты.

«Мектептерде суук, эртең менен балдар араң эле келишет. Чейректи кантип аяктайбыз, билбейм», — деди Абдыкасымова.

Эки ача пикир

Бишкектин №13 мектебинин алгебра мугалими Людмила Килина каникулдун эрте башталаары боюнча билим берүү министрлигинин күтүүсүз жарыялагандыгына нааразы.

«Биз эч нерсеге жетишпей жатабыз, мындай нерселерди чукул жарыялоого болбойт, бул күтүүсүз, бирок туура. Мен билбейм, бул боюнча эки ача пикирдемин», — деди Килина.

Бирок каникулдун эрте башталгандыгына карабастан ал окуучулардын мектеп программасын «кубалап жетээрине» ишенет.

Каракол шаарындагы №2 мектептин директору Динара Курбанова анын билим берүү мекемесинде ар дайым - өтө суук күндөрү да жылуу экендигин айтты.

«Ысык-Көлдө баары бир мындай суук болбойт. Бизде жылуулук системасы иштеп жатат, сыртта минус отуз болсо да бизде дайыма жылуу», — деди ал.

Кыргызстанда бир аптадан бери катуу суук болууда. Бишкекте 12-декабрдан бери абанын температурасы нөлдөн жогору көтөрүлө элек.

Суук аба ырайы өлкөнүн түндүгүндө олуттуу энергетикалык көйгөйлөрдү жаратты — Казакстандан газ алып келүүнүн көлөмү азайгандан соң кардарлар имараттар менен турак-үйлөрдү жылытуу үчүн электр энергиясын активдүү колдоно башташкан, бул өз кезегинде электр тармактарындагы жогорку жүктөмдөрдү пайда кылып, жарыктын өчүшүнө алып келди.

Бирок, апта аягында өлкөнүн жалпы аймагы боюнча аба ырайынын жылышы күтүлүүдө, а Би-би-синин божомолуна ылайык, ишемби күнү - 22-декабрда Бишкекте 11 күндөн бери биринчи жолу абанын температурасын +1 градустука чейин жогорулашы мүмкүн.

Автор: Азат Рузиев