МАИ кызматкери аны видеого тартып алгандыгы үчүн Ош шаарынын тургунун «сабаган»

МАИ кызматкери анын аракеттерин видеого тартып алган Ош шаарынын тургунун «сабап салды». Ош шаардык прокуратурасы арызды 20-декабрдан кийин карай тургандыгын айтып, убада берүүдө.

Аваз Акматов деп катталган жабырлануучу 18-декабрда өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына аны милиция кызматкери «сабап» салгандыгын жазып, интернет колдонуучулардан арыз менен кайсыл жерге кайрылуу керектиги боюнча кеңеш сураган.

«Достор, кеңешиңер керек болуп жатат. Бир нече саат мурун МАИ кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерин тартып алгандыгым үчүн ал мени сабап салды. Ал аз келгенсип унаабызды ШИИБге алып барып, ал жерден да токмоктошту. Анан жиним келип кетти, видеону өчүр деп, кое беришти. Болгон окуяны толугу менен айтуу кыйын. Кандай кеңеш бересиңер? Кайсыл жакка кайрылсам болот? ИИБгеби же прокуратурагабы???», – деп жазган ал.

Акматов Kloop.kgге берген маегинде, ал достору менен жумуштап кетип бара жатканда алардын унаасын бурулуштан мамлекеттик автоинспекциянын кызматкери токтоткондугун билдирди. Айтымында, милиция бурулууга тыюу салган белгини сактабагандыгы үчүн деп аларга айып кагазын жазып берген.

Бирок, Акматовдун айтымында, анда андай жол белгиси болбогондуктан, МАИ кызматкеринин мыйзамсыз аракетин мобилдик телефонунуна тарта баштаган.

Милиционерлердин арасында ыкчам топтун кызматкери да болгон. Акматов андан документин көрсөтүүнү талап кылганда ал унаа ээсин колунан кармап, унаага түртүп киргизип салган.

Акматовдун айтымында, ыкчам топтун кызматкерлери аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, видеону өчүрүүнү талап кылып «токмоктошкон».

«Качан имаратка киргенибизде ал мага “сен кимди коркутуп атасың, мен сени өлтүрөм” деп кыйкырып, бети-башыма ургулап өзүнүн ыкмаларын колдоно баштады», – дейт ал.

Акматовдун айткандары боюнча, «кыйноолордон» кийин милиция кызматкери тынчып, видеону өчүрүп салууну суранган. Акматовду видео өчүрүлгөндөн кийин гана кое беришкен.

Жабырлануучунун арызын 20-декабрдан кийин гана карап башташат, деп билдиришти Ош прокуратурасынын кылмыш-процессуалдык жана ыкчам-иликтөө ишмердүүлүктөрүнө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнөн.

Ош шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын нөөмөтчүсү окуя жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын айтты. Айтымында, ал кечкисин гана нөөмөттө турат.
Бул окуя жөнүндө мени эртең менен алмаштыра турган кесиптешим билиши мүмкүн, деди ал.

Автор: Айшоола Айсаева