«Түндүк электр»: Бишкекте электр жарыгы «ашыкча жүктөлүш» болгон жерлерде гана өчүрүлүп жатат

Бишкектиктер 19-декабрда электр энергиясын каралган көлөмдөн бир жарым эсеге көп сарпташты, деп билдирди «Түндүк электр». Электр жарыгы күн сайын «ашыкча жүктөлүштөр» пайда болгон райондордо өчүрүлүп жатат.

19-декабрда Бишкек боюнча электр энергиясын колдонуу орточо эсеп менен саатына 16,4 миллион киловатты түздү, ал эми борбордун жашоочулары үчүн декабрь айына 10,6 миллион кВт саат гана каралган, деп билдирди «Түндүк электр».

«19-декабрда жогорку вольттуу көмөкчордондордогу ашыкча жүктөлүштөргө байланыштуу «Кыргызстандын улуттук тармактары» «Түндүк электрге» электр энергиясын берүүнү 80 мегаваттка азайтты», — деп жазылган бөлүштүрүү компаниясынын сайтында.

Электр энергиясын берүү 19-декабрда, Бишкектин 5чи жана 7чи кичи райондорунда, ошондой эле борбордун айланасындагы «Арча-Бешик», «Дордой», «Кара-Жыгач» конуштарында жана булгаары заводунун айланасында үзгүлтүккө учураган.

Электр жарыгы Токмок, Кара-Балта шаарларында, ошондой эле Чүй жана Талас облсутарынын бир катар айылдарында да өчүрүлгөн.

Kloop.kgге «Түндүк электрдин» басма сөз кызматы пландык өчүүрүүлөр болбогондугун, электр жарыгы ашыкча жүктөлүштөр пайда болгон жерлерде гана өчүрүлүп жаткандыгын айтып түшүндүрүштү.

«Ашыкча жүктөлүштөр бар жерлерде гана өчүрүүлөр болот. Бардыгы факт боюнча», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына.

Азырынча «Түндүк электрге» электр жарыгы кайсыл аймакта, саат канчада өчөөрү белгисиз.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык 14-декабрда, Казакстан көгүлтүр от берүүгө чектөө киргизгенден кийин башталган.

Көгүлтүр от Бишкектин дээрлик бардык жеке секторуна берилбей калган, өз кезегинде бул шаарда суук болгондуктан электр жарыгын пайдалануунун кескин жогорулоосуна алып келген.

Автор: Зарема Султанбекова