Укук коргоочулар мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы кол топтоп жатышат

Укук коргоочу уюмдар «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизбөөнү талап кылып жатышат. Алардын айтымдарында, мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр Конституцияга карама-каршы келет. Бул боюнча сурамжылоого алынган депутаттар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Сунушталган өзгөртүүлөргө макул эместиктерин билдирип 22 бейөкмөт уюм кол койгон. Укук коргоочулардын пикирлеринде, ал өзгөртүүлөр «атуулдук сезимдин азайышына» алып келет.

«Улуттар аралык көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна мекени болуп эсептелген көп улуттуу Кыргызстанга таарынычынын, тиешеси жоктук жана кемсинтүү сезимдеринин пайда болуусуна көбүрөөк таасирин тийгизе турган демилгелерди көтөрүп чыгып жатышат», – деп жазылган укук коргоочулардын президентке жөнөткөн кайрылуусунда.

Алар өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик башкарууда башаламандыктарды жаратышы  мүмкүн деп эсептешүүдө.

«Ал мыйзам долбоорун кабыл алууда төмөнкү кесепеттерин алдын ала көрө билүү керек: Мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгү тилине карап, акырында улутуна карап басмырлоо жолу менен жабылып калат, ар улуттагы жогорку квалификациялуу жарандардын мамлекеттик кызматтарга, мамлекеттик карьерага болгон мүмкүнчүлүктөрүнө чек коют, ошондой эле кыргыз тилин билбеген кыргыздар менен башка улуттагы адамдар да кете баштайт», – деп жазылган анда.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы кол топтоо уланып жатат.

Депутаттардын пикири

Парламентарий Олег Домшенко «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө каршы чыгып жатат. Анын пикиринде, өзгөртүүлөр кыргыз тилин билбегендерди кемсинтип, укуктарын бузат.

«Түшүнүктөрдү алмаштырбаш керек. Ал мыйзам долбооруну кабыл алынышы менен мамлекеттик тил өнүгүп деле кетпейт», — деп депутат Дастан Бекешев кесиптешин колдоду.

Эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу алар менен макул эмес. Ал мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши керек деп эсептейт.

«Менин оюмча, калк менен иштеп жаткандан кийин өкмөттүн же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билиши керек», – деди ал.

Кыргызстандын парламенти «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 13-декабрда биринчи окууда кабыл алган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Алексей Ким