Ысык-Көл, Ош облустары: Бороондон улам бийик тоолуу жолдор жабылды

CE312A57-B09F-4A3E-8CEA00_s1

 

Катуу бороондон улам Ысык-Көл жана Ош облустарындагы бийик тоолуу үч унаа жолу жабылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Куткаруучулар жолдорду тазалоо иштерин баштай албай жатышат.

Бороондон улам 19-декабрь күнү кечинде Тоң-Мурун ашуусундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 50 чакырымы жабылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Ушундай эле себептер менен Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу жабылып, Сөөк-Ашуу ашуусу аркылуу өтүү мүмкүн болбой калды.

Аны менен катар Ысык-Көл облусунан Казакстанга кете турган Түп—Кеген унаа жолунун жарымы дагы жабылды.

Азырынча, бийик тоолуу жерлердеги жолдорду тазалоо иштерин баштоо мүмкүн болбой жатат.

«Кечээ кечинде унаа жолдорунун аталган тилкелери бороондон улам убактылуу жабылды. Ошол эле себептер менен жолду тазалоо мүмкүн болбой жатат, бирок керектүү техникалардын бардыгы даяр турат», — деп жазылган ӨКМдин сайтында.

Кыргызстанда 12-декабрдан бери суук болуп, ал кардын жаашы менен коштолуп келди. Андан бери өлкөнүн түндүк бөлүгүндө абанын температурасы бир дагы жолу нөлдөн жогорулаган жок.

Апта аягында өлкөдө аба ырайынын жылуусу күтүлүүдө — Бишкекте ишемби күнү 10 күндөн бери биринчи жолу термометрдин көрсөткүчү нөлдөн жогору болот.

Автор: Зарема Султанбекова