«Кыргызгаз» «Газпромго» бир долларга сатылышы мүмкүн

4672

Учурда компаниялар бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. «Кыргызгаздын» башкы директорунун орун басары Куралбек Наскеев бул Кыргызстан үчүн «пайдалуу» болот деп эсептейт. «Газпром» азырынча комментарий бербей эле. Сурамжыланган экономисттер демилге боюнча жакшы пикирлерин билдиришти.

Улуттук компаниянын сатылышы Казакстан менен Өзбекстандан көгүлтүр отту алып келүүдөгү көйгөйлөргө жана өлкөдөгү энергетикалык каатчылыкка байланыштуу, деп билдирет «Тазабек» маалымат агенттиги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айткандарына таянып.

«Биз бир долларга сатып алууну жана буга чейинки бир катар карыздарды кечүүнү сунуштадык. Учурда Москвада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», –  деп жазат маалымат агенттиги Сатыбалдиевдин айткандарын.

«Кыргызгаздын» башкы директорунун орун басары Куралбек Наскеев бул келишим Кыргызстанга пайда гана алып келээрин Kloop.kgге айтты.

«Кыргызстанга “Кыргызгазды” сатуу пайдалуу. Эгер “Газпром” болсо, анда туруктуу газ берүү болот, көгүлтүр оттогу мүчүлүштүктөр токтойт», — деп эсептейт Наскеев.

«Газпромдун» маалыматты башкаруу бөлүмү бул болжолдуу келишим боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ишкерлик клубунун мүчөсү Сергей Пономарев бул демилге боюнча жакшы пикирде экендигин айтты.

«Бүгүнкү күндө энергетика тармагында болуп жаткан нерселердин бардыгы – толугу менен жарабайт, ошондуктан, эгер иштей албасаңар башкаларга бергиле, алар иштесин. “Газпром” – бул дүйнөлүк бренд, андыктан мындан жаман болбойт», – деп эсептейт Пономарев.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадык Акенеев Пономарев менен бир пикирде.

«Кыргызстандын экономикалык абалы оңолот. “Кыргызгаз” – бул аз кирешелүү, зыяндуу ишкана», – дейт ал.

Кыргызстандын карыздары

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын казак жана өзбек газ жеткирүүчүлөрүнүн алдындагы карызы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт.

2012-жылдын аягында Кыргызстандын жашоочулары эки жолу газ берүүдөгү чектөөлөрдү башынан өткөрүштү.

Ноябрдын аягында «Кыргызгаз» Бишкектин түндүк тарабына көгүлтүр оттун берилишин эки аптага токтоткон — буга Казакстандын алдындагы карыз себеп болгон.

Көгүлтүр от берүү 27-ноябрда, шаардын башка аймактарындагы газдын басымынын төмөндөтүлүшүнүн эсебинен жарым-жартылай калыбына келтирилген. Борбордун жашоочуларына газ 4-декабрда толук көлөмдө бериле баштаган.

Бирок он күндөн кийин Бишкектин жеке секторуна газ берүү кайрадан токтотулган. Ал суук менен бирге, электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнүн кескин жогорулашына жана борбордо жарыктын өчүп башташына алып келген.

«Кыргызгаз» казак тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин, 19-декабрда көгүлтүр от берүүнү калыбына келтире баштады. Компания газ берүүнү шаардын колдонуучулары үчүн бейшемби күнү кечке чейин толук калыбына келтирүүнү убадалаган.

«Кыргызгаздын» басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда газ 15 миң бишкекетиктин үйүнө берилди, дагы 34 миң шаар тургуну көгүлтүр отсуз калууда.

Автор: Мария Гребнева

Фото: Зарема Султанбекова