«Кыргызгаз» «Газпромго» сатылгандан кийин көгүлтүр оттун баасы арзандайт

4672

«Кыргызгаздын» башкы директору Тургунбек Кулмурзаев кыргыз компаниясы орусиялык «Газпромго» сатылгандан кийин газдын баасы арзандай тургандыгын билдирди. Учурда газдын куб метри 11 сомдон 15 сомго чейинки бааны түзөт.

«Газпром» «Кыргызгазды» сатып алуу процесстерин 2013-жылдын апрелине чейин толугу менен аяктайт, деп билдирди Кулмурзаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Айтымында, көгүлтүр от Орусиядан түз алынып келинип, баасы арзаныраак болот.

«Биз газды Казакстан менен Өзбекстандан алып жаткандагыдан бир топ эле арзан алабыз», – деди Кулмурзаев.

«Газпром» 2013-жылдын апрелинде кыргыз компаниясына толугу менен ээлик кылып калат, бирок Калмурзаев орус газы ал мөөнөттөн эрте эле алынып келе башташы мүмкүн деп эсептейт.

«Кыргызгаздын» башкы директорунун айтымында, «Газпром» ээлик кылуу укугуна февралда эле киришиши мүмкүн, анткени компанияны сатуу процессин тездетүү пландалып жатат.

Учурда мамлекетке «Кыргызгаздын» 87 пайызы гана тиешелүү, бирок орус компаниясы акциялардын бардык пакетин сатып алууну көздөп жатат.

«Газпром» жакынкы 3-5 жылдын аралыгында кыргыз компаниясына 20 миллиард рублдей каражат инвестиция кылууну пландап жатат. Ошол эле маалда «Кыргызгаздын» жалпы карызы 26,6 миллиард АКШ долларын түзөт.

Кыргыз компаниясын «Газпромго» сатуу маселеси Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде эле каралган, бирок макулдашууга жетишишкен эмес. Анда бул маселе менен анын уулу Максим алектенген.

«Бул маселе 2003-жылы каралып баштаган. Бирок, 2005-жылы аны менен Максим Бакиев алектенип баштаганда «Газпром» кызматташуудан баш тарткан», – деди Кулмурзаев.

«Газпромдун» өкүлдөрү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Бүгүнкү күндө «Газпром» дүйнөдөгү эң бай жаратылыш газдарына ээлик кылат. Анын дүйнөлүк газ запасындагы үлүшү 18 пайызды жана Орусиянын газ запасындагы үлүшү 70 пайызды түзөт.

«Газпромго» дүйнөдөгү газ өндүрүүнүн 15 пайызы жана Орусиядагы өндүрүүнүн 78 пайызы туура келет.

Автор: Хлоя Гейне