Орус миллиардеринин алтын өндүрүүчү компаниясы Кыргызстандагы активдерин сатты

CE312A57-B09F-4A3E-8CEA00_s1

Орусиянын алтын өндүрүү менен алектенген «Полюс Голд» компаниясы өзүнүн Кыргызстандагы активдерин 1 миллион АКШ долларына сатты. Ал 2012-жылы Орусиянын президенттигине талапкерлигин койгон орус миллиардери Михаил Прохоровго таандык.

Орус компаниясы өзүнүн Казакстан менен Кыргызстандагы активдерин «Project B.V.», «Financial Services B.V.» жана «Folkstand Consortium Limited» фирмаларынын бирикмесине сатты, деп жазылган «Полюс Голддун» пресс-релизинде.

Буга чейин «Полюс Голддун» кыргыз активи — «Norox Mining Company Limited» компаниясы — «Кыргызалтын» менен биргеликте Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө киришкени жаткан.

«Norox Mining Company Limited» 2012-жылдын июнунда эле беш миллион долларга бааланып жаткан, деп жазылган компаниянын расмий сайтында.

Кыргызстандан кетүүсүнүн себептери

Экономика тармагы боюнча талдоочу Жумакадыр Акенеев алтын өндүрүүчү компаниянын Кыргызстандан кетүүсүнө «туруксуз саясий абал» себеп болду деп эсептейт.

«Алар Кыргызстандагы акыркы окуяларга - мыйзамдардын бузулуп, аукциондордун үзгүлтүккө учурагандыгына карашса керек. Учурда өлкөнү мамлекет эмес, эл башкарууда», – деди Акенеев.

Ал Кыргызстандан «Полюс Голддун» кетиши өлкө экономикасына терс таасирин тийгизет, деп эсептейт.

«Башка компаниялар да аларга карап, биз менен иштегиси келбей калат. [...] Биз инвесторлор каражаттарын тобокелге салбашы үчүн алардын ишине нормалдуу шарттарды түзүп беришибиз керек», – деп түшүндүрдү талдоочу.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Акенеевди колдоп, анын пикири менен макул экендигин билдирди.

«Инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүндүк бербей жатышат, кендерде ар дайым эле жергиликтүү калк менен чыр-чатактар болуп жатат. Өкмөт бизнести коопсуздук менен камсыз кыла албайт, жыйынтыгында, эл аралык компаниялар Кыргызстандан кетип жатат», – деп болжолдоду Казакбаев.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун талдоочусу Марс Сариев алардын айткандары менен макул эмес. Ал активдеринин сатылышына компаниянын жеке көйгөйлөрү себеп болду деп эсептейт.

«Ал [Полюс Голд] ресурстарын Казакстандан да чыгарып кетти. Орус бизнеси Кыргызстанга мындан да активдүү акча жумшаарына ишенем. Башка компаниялар деле Кыргызстандан экономиканын бул тармагы боюнча ишмердүүлүгүн буруп кетпей эле да», – деди ал.

«Полюс Голд» – Орусиядагы эң ири алтын өндүрүүчү компания жана дүйнөдөгү алтын өндүргөн 10 алдыңкы компаниянын катарына кирет. Ал алтындын запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат, жылына 60 тоннадай баалуу металл иштетет.

Компаниянын пайданы салымга айландыруусу 12,5 миллиард АКШ долларын түзөт.

Автор: Хлоя Гейне