Бишкектин борбордук аянтындагы жаңы жылдык балаты кулап түштү [11:26да жаңыланды]

2012-12--03.31.48

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы балаты 22-декабрга караган түнү болжол менен саат 2:30дарда кулап түштү. Аны аянтка орнотулган камера тартып алган. Жабыркагандар жок. Эртең менен аны калыбына келтирүү иштери башталды.

Жаңы жылдын балатынын кулап кеткендиги тартылган видеону көрүү

Балатынын төмөнкү үчтөн бир бөлүгү ордунда калган, деп билдирди балаты кулагандан кийин борбордук аянтка барып келген Kloop.kgнин журналисти  Ринат Тухватшин.

Ошол замат «Ала-Тоо» аянтына Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко келип, шаардын негизги балатысын эртең мененкиге чейин ордуна кое тургандыктарын айтты.

22-декабрда эртең менен балатыны калыбына келтирүү иштери башталды — саат 11ге карата анын борбордук металл тирөөчү орнотулуп бүттү, бирок балатынын бутактары дагы деле жерде жатат .

2012-12-22_christmas-tree_10454

Вице-мэрдин айтымында, балатынын кулашынан жабыр тарткандар жок.

Красиенко балаты шамалдан улам кулашы мүмкүн деп, анын кулап кеткендигине кимдир бирөөнүн күнөөлүү экендигин так айта алган жок.

Жумушчулар түнү бою балаты бекитилген металл өзөктүн сынган-сынбагандыгын текшеришти.

«Эгер сыныгы жок болуп, балаты жөн гана чыгып кеткен болсо, эртең мененкиге чейин калыбына келтиребиз деп ойлойм», — деген Красиенко Kloop.kgнин кабарчысына түндө.

Балатынын узундугун бир аз кыскартып, кошумча таякчалар менен бекемдешибиз мүмкүн деген ал.

Эртең менен жаңы жылдык балатыны калыбына келтирип жаткан жумушчулардын бригадири аларга кулаган учурда ийилип кеткен балатынын борбордук бөлүгүн алып салууга туура келгендигин Kloop.kgнин кабарчысына айтты.

2012-12-22-03.28.16

Вице-мэр Красиенко белгилегендей, тиешелүү кызматтардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жасалгалар менен оюнчуктар уурдалган эмес.

Кулап кеткен конструкция Бишкекте 2008-жылдан бери колдонулуп келген.

Красиенко Kloop.kgнин кабарчысы менен сүйлөшүү маалында балаты «металл эскирип кеткендиктен кулаган болушу мүмкүндүгүн» тууралуу божомолун айтып, бирок акыркы бааны адистер гана берээрин кошумчалаган.

Интернетке кулап бара жаткан балатынын видео тасмасын newman аттуу колдонуучу жайгаштырган — аны аянтка орнотулган «Сайма Телеком» компаниясынын веб-камерасы тартып алган.

Балаты борбордук «Ала-Тоо» аянтына 14-декабрда орнотулган.

Авторлор: Бектур Искендер жана Ринат Тухватшин