Ош: Эки кыз көчкү алдында калып каза болду

kyrgyzstan-snow

Ош облусунун Ылай-Талаа айылында сегиз мектеп окуучусу көчкү алдында калып, 15 жашар эки кыз каза болду.

Кырсык 22-декабрь күнү саат 13:30дарда - жергиликтүү мектептин окуучулары тоого муз тебүү үчүн барганда болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын келип чыгуусуна балдардын өзүлөрү күнөлүү болгон деп болжолдоп жатат.

«Алар катуу кыйкырыктары менен жаңырык пайда кылып, же дагы башка аракеттери менен көчкүнүн пайда болушуна өзүлөрү себепкер болушкан», — деди ӨКМдин алдындагы ыкчам топтун башчысы Муханбет Сваров Kloop.kgге берген маегинде.

Жалпысынан мектеп окуучуларынын үстүнө 150 куб метр кар көчкүсү түшкөн, деп билдирүүдө ӨКМ.

Эки кыз аларды кардын астынан алып чыгууга үлгүргөнгө чейин эле каза болуп калган. Дагы бир окуучу оор абалында жергиликтүү райондук оруканага жеткирилди.

Көчкү алдында калгандардын беши — «чочуп» калышкан, деди Сваров.

Алардын бардыгы тең жергиликтүү мектептин 9-классынын окуучулары.

ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башкы адиси Акун Артыков кыздар жардам келгенге чейин эле каза болуп калышкандыгын Kloop.kgге билдирди.

Kloop.kg жабырланган окуучулардын ата-энелери менен байланыша алган жок.

Автор: Мария Гребнева

Редакторлор: Шахида Дүйшеева жана Бектур Искендер