Бишкек: Министрликтин буйругуна карабастан мектептерде окуу уланып жатат

bishkek-at-night_10359

Бишкек мэриясы Билим берүү министрлигинин кышкы каникулду узартуу боюнча чыгарган буйругун жокко чыгарды - мекеме бул аракетин окуучулардын билим сапатын баалоо үчүн текшерүү иштерин жаздыруу жана аба ырайынын жылыа кетиши менен түшүндүрүүдө. Билим берүү министрлиги мэрия буйрукту жокко чыгарууга укуктуу эмес болчу деп эсептеп жатат.

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгы шаар боюнча мониторинг жүргүзүп, кышкы каникулду мөөнөтүнөн мурда баштоонун зарылчылыгы жок деген жыйынтыкка келди.

«Окуу планына ылайык, каникулдун алдында окуучулардын чейректеги билимин баалоо үчүн текшерүү иштерин да жаздырыш керек», — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына.

Буга чейин Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын каникулу жылдагыдай 30-декабрда эмес, 24-декабрда баштала тургандыгын билдирген.

Министрлик бул чечимин Бишкектеги аба ырайынын суук болгондугу менен түшүндүргөн.

Бирок шаар мэриясы Бишкектин бардык мектептеринде жылуулук берүү системалары иштеп жаткандыгын жана күндүн суук болгондугуна карабастан окуучулардын 85 пайызы сабактарга катышып жаткандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

«Бүгүн Бишкек шаарындагы мектептердин бардыгы окуп жатат», — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Kloop.kgнин кабарчыларына бул маалыматты шаардын бир катар мектептери ырастады, сурамжыланган үч мектеп — №6, №12 жана №13 мектептер бүгүн иштеп жаткандыктарын жана декабрдын аягына чейин иштей тургандыктарын айтышты.

Аталган мектептердин жетекчилиги мэриянын чыгарган токтомуна таянууда.

Билим берүү министрлиги: «Каникул бүгүн башталды»

Билим берүү министрлиги мэриянын өз алдынча чыгарган чечимине нааразы экендигин айтып, шаар бийлигинин бул маселени чечүүгө ыйгарым укуктары жок экендигин билдирүүдө.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева мэриянын окуу планына таасир этүүгө укугу жок деп билдирди.

Анын айтымында, каникулдун башталышы тууралуу чыгарылган буйрук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин "сууктан улам мектеп окуучуларынын арасында аба аркылуу жуга турган оорулардын көп каттала баштагандыгы" жөнүндө чыгарган корутундусуна негизделген.

«Биз каникул 24-декабрдан 12-январга чейин созулат деген расмий буйрук чыгарганбыз» — деди Жукеева.

Басма сөз катчы кышкы каникулдун узак болушу окуу процессине эч таасирин тийгизбей тургандыгын белгиледи. Айтымында, алар жазгы каникулдун кыскартылышы менен жөнгө салынат.

«Бүт бардыгы эсептелди. Окуу сааттары жазгы каникулдун эсебинен калыбына келтирилет. Ал эми мэрия каржылоо жана кадр маселелери менен алектениши керек. Окуу планы боюнча маселени министрлик гана чечет», — деп кошумчалады ал.

Автор: Хлоя Гейне