Салянованын унаасын токтоткон милиционерлердин кызматтан алынышына Башкы прокуратуранын «тиешеси жок»

salyanoa (1)

Август айынын башында тапанчанын жардамы менен башкы прокурор Аида Салянованын унаасын токтоткон эки милиция кызматкери кызматтарынан алынды. Башкы прокуратурадан буга мекеменин эч кандай тиешеси жок экендигин айтышты.

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда башпрокурор Аида Салянованын унаасын курал менен токтоткондуктары үчүн Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери кызматтарынан четтетилди. Окуя караңгылатылган айнектерди алуу боюнча өткөрүлгөн рейд маалында болгон.

Анда Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын прапорщиктери Азамат Осмонов менен Улан Ботиковдор токтобой кеткен унааны кубалап жетип, «анын дөңгөлөгүнө тапанча такашкан». Ал маалда унаада башкы прокурор Аида Салянова менен сакчылары болгон.

Ал кызматкерлердин кызматтарынан алынгандыктары тууралуу маалымат 22-декабрда берлгилүү болду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин кызматтарынан алынышына мекеменин эч кандай тиешеси жок экендигин Kloop.kgге билдирди.

«Жетекчилик [Ички иштер министрлигинин] аларды кызматтан кетирүү чечимин кабыл алды [...] Чындыгында, бул жерде башкы прокуратуранын эч тиешеси жок, анткени ал иш элдешүү менен аяктаган», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин ИИМ менен Башкы прокуратура Салянова менен Жол көзөмөлдөө кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал маалындагы бири-биринин аракеттерин тергөөгө алышкан.

Милициядагылар башкы прокуратурага сакчы «каралбагандыгын» айтып, далилдөөгө аракет кылышкан.

Милиция кызматкерлеринин өзүлөрү «Вечерний Бишкек» гезитине берген маектеринде унаада башкы прокурордун бар экендигин билбегендиктерин айтышкан.

«Номерлери башка. Аны тактап чыктык, алар жаңы конуштун жашоочусуна таандык экен. Терезелери караңгылатылган. Айдоочу унааны токтоттуу талабына жооп берген жок. [...] Биз джипти жол жээгине кысмакка алдык. Анан мен тапанча менен "ок чыгарам" деген кыязда ишарат кылганымда гана унаадагылар сыртка чыкты», — деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Осмоновдун айткандарын.

«Вечерний Бишкекте» жазылган макалага ылайык, Осмонов менен Ботиковго тергөөчүлөр жана Салянованын туугандары тарабынан басым жасалган.

«Мына, жыйынтыгында биз жумушсуз калдык, органдарда иш табылаарына да үмүтүбүз жок», — деген Осмонов басылманын журналисттерине.

Автор: Зарема Султанбекова