Мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору боюнча президент менен депутаттардын пикири ар башка болуп чыкты

bishkek-at-night_10359

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү демилгелеген депутат Надира Нарматова президент Алмазбек Атамбаевдин сыны менен макул эместигин айтып, менин идеям «калкты бириктирет» деди. Буга чейин өлкө башчысы өзгөртүү киргизилген мыйзам долбооруна кол койбой тургандыгын билдирген.

Депутат Надира Нарматова президенттин сынына жооп катары парламент тарабынан биринчи окууда жактырылган мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам Кыргызстандын орус тилдүү бөлүгүнө эч кандай коркунуч туудурбастыгын айтты.

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору калктын орус тилдүү катмарына эч кандай таасирин тийгизбейт, тескерисинче, элди бириктирет», – деди Нарматова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал ошондой эле мыйзамдын авторлору өлкө калкынын «жоопкерчилигин» жогорулатууну каалап, коомдо талаш-тартышты жараткан бул долбоорду сунуштагандыктарын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда, журналисттер менен жолугушуу маалында ал мыйзам долбоорду сынга алган.

«Эгер ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан силер айтып жаткандай - ким мамлекеттик тилди билбесе административдик айып колдонулат деген боюнча кабыл алынган болсо анда мен ага кол колбойм. Анткени адамдан бир нерсени талап кылуудан мурда тилди үйрөнүү үчүн шарт түзүп беришибиз керек», – деди Атамбаев.

Мунун менен катар Атамбаев анын бул сөздөрүнө Орусия менен болгон мамилелер таасирин тийгизбестигин айтты.

«Эгер мыйзам долбоору ушул калыбында алынып келинсе Орусия менен болгон мамилебизге карабастан ага кол койбойм», – деди ал.

Президент ошондой эле мыйзам долбоорунун тексти менен тааныша электигин, бирок ал тууралуу интернеттен окугандыгын мойнуна алды.

Эгер долбоор кабыл алынып калса мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам кыргыз тилин милдеттүү түрдө билиши керек болгон чиновниктердин категориясын кыйла эле кеңейтет, ошондой эле мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбеген чиновниктерге айып киргизилет.

Мыйзам долбооруна ылайык, андан сырткары өлкөдөгү каржы жана техникалык документтердин бардыгынын тең оригиналы милдеттүү түрдө алгач кыргыз тилинде жазылып, толтурулушу керек.

Автор: Элдос Казыбеков