Ош облусу: Кар көчкүсүнүн алдынан жүк унаасы алынып чыкты, жабыркагандар жок

bishkek-at-night_10359

24-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кар көчкүсүнүн алдында калган КамАЗ жүк унаасын алып чыгышты. Буга чейин айдоочу менен жүргүнчүсү өз алдынча сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, алар жабыркаган эмес. КамАздагы үч баш кой өлгөн.

Кар көчкүсү Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолуна 24-декабрда, болжол менен саат 16:00дордо түшкөн.

Анын айынан жол аркылуу өтүп бара жаткан КамАз жүк унаасы 500 куб метрлик кар алдында калган.

Айдоочу Чынтемир Исаев менен анын жүргүнчүсү жабыркаган эмес, деп жазылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында.

Көчкү түшкөндөн кийин алар унаадан өз алдынча чыга алышкан.

Унаа куткаруучулар тарабынан саат 23:00до гана чыгарылды.

Кар көчкүсүнүнөн улам он чакты унаа токтоп калган — жолду тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан алар өтө албай тыгын пайда болгон.

bishkek-night_10359

КамАЗдын бортундагы үч баш кой өлгөн, деп жазылган ӨКМдин сайтында.

Кыргызстандагы тогуз күнгө созулган ызгаар сууктан кийин абанын кескин жылып кетиши кар көчкүлөрүнүн түшүшүн тездетти.

22-декабрда Ош облусунда 150 куб метрлик кар көчкүнүн алдында калып 15 жашар эки кыз каза болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт ӨКМдин сайтынан алынды