Жаңы жылдык дем алыш күндөр туура бир аптага созулат

IMG_3285

Кыргызстандын өкмөтү январдагы эс алуу күндөрүн тактап, алардын ырааттамасын жарыялады — өлкөнүн жарандары 1-январдан 7-январга чейин эс алышат, бирок алар үчүн кийинки үч ишемби катары менен иш күндөрү болот. 31-декабрь жумуш күн деп жарыяланды.

Өкмөт тарабынан иш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү чечим 24-декабрда биротоло бекитилди.

Кыргызстанда салт болуп калгандай, жаңы жылдан кийинки бир нече күн — 2-3-4-январь күндөрү дем алыш деп жарыяланды.

Бул жаңы жылдык дем алыш күндөрдүн ордуна үш ишемби — 29-декабрь, 12чи жана 19-январь күндөр иш күн болот.

Муну менен катар дүйшөмбүгө туура келген 31-декабрь дагы иш күнү деп жарыяланды.

7-январдын православ христиандарынын майрамы экендиги эске алынып, өлкөдө жети күндү катары менен дем алыш кылуу чечими кабыл алынган.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Авланбек Жумабаевдин айтымында, дем алыш күндөрүн жарыялоо чечими «коллегиялуу» болгон — ал чечим бардык министрликтер тарабынан биргеликте кабыл алынган.

Кыргызстандыктар нааразы

Өткөн жылы кыргызстандыктар 31-декабрдан 9-январга чейин эс алышкан, быйылкы календарь өкмөттүн дем алыш күндөрүн узагыраак кылып жарыялоосуна уруксат берген жок.

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү жаңы жыл тосо турган 31-декабрдын иш күн болушуна салкын мамилелерин билдиришти.

Бул тема боюнча өлкөдөгү популярдуу «Дизель» интернет-форумундагы талкууда өкмөттүн дем алыш күндөр тууралуу чечимин эч ким колдогон эмес.

«31-декабрда иштей турганыбыз — сандырак кеп. Эч ким деле кыйратып иштебейт. Ал эми ишемби күндөрү такыр эле иштегим келбейт», — деп жазган Tanchik аттуу колдонуучу.

Моветон деген колдонуучу андан көрөкчө 2-январдан 4-январга чейин иштемекмин деп жазган.

«Биздей жөнөкөй адамдар анча күн эмне кылмак элек? Ал аз келгенсип дагы суук болсочу. Андан көрөк эч кандай ишембиси жок эле 31-декабрдын ордуна 29-декабрда иштесек болмок. 2-3-4-январь күндөрү иштеп кайра эс алмакпыз. Эң оптималдуу вариант», — деп жазат ал.

ДОРОГАСЛАВЫ деген колдонуучу январдын иш күндөрүнүн ишембилерге которулушу анын ден соолугуна терс таасирин тийгизээрин жазган.

«Бизге регулярдуу режим керек, тигил жакка бир, бул жакка бир жасалган секириктердин кереги жок! Мен иш күндөрү көбөйтүлсө ооруп калам» - деген пикирин жазган ал.

Авторлор: Нургиза Раева жана Ширин Сабирова