«Фридом Хаус»: Мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам «Конституцияга каршы келет»

dictiory10443
«Фридом Хаус» бейөкмөт уюму Кыргызстандын парламенти тарабынан каралып жаткан Мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясын бузат деп билдирди. Мыйзам буга чейин парламент тарабынан биринчи окууда жактырылган болчу.

Учурдагы мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам дагы, жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор дагы адам укуктары жөнүндөгү эл аралык жана конституциялык нормаларды бузат, деп жазылган «Фридом Хаустун» билдирүүсүндө.

«Мыйзам долбоорунун авторлору тарабынан сунушталып жаткан толуктоолор менен өзгөртүүлөр учурдагы адам укуктары менен эркиндиктерин бузуп жаткан маселелерди чечпейт, тескерисинче, кошумча аткарылгыс эрежелер сунушталып жатат», — деп эсептейт уюм.

Укук коргоочулардын пикиринде, мыйзам жарандардын маалымат алуу жана өз оюн эркин билдирүү укуктарын бузат.

«Фридом Хаус» ал мыйзамды аткарууга мүмкүн эмес деп эсептеп жатат.

«Адамдарды чыгармачылык ишмердүүлүгүн кайсыл бир тилде гана жүргүзүүгө милдеттендирүү мүмкүн эмес», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Мыйзам долбоорун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да 24-декабрдагы маалымат жыйынында сынга алган.

«Эгер ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан силер айтып жаткандай - ким мамлекеттик тилди билбесе административдик айып колдонулат деген калыбында кабыл алынса, анда мен ага кол колбойм. Анткени адамдан бир нерсени талап кылуудан мурда тилди үйрөнүү үчүн шарт түзүп беришибиз керек», – деген Атамбаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери өлкө башчысы менен макул болушкан эмес.

Депутат Надира Нарматова президенттин сынына жооп катары парламент тарабынан биринчи окууда жактырылган мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам Кыргызстандын орус тилдүү бөлүгүнө эч кандай терс таасирин тийгизбейт деди.

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору калктын орус тилдүү катмарына эч кандай таасирин тийгизбейт, тескерисинче, элди бириктирет», – деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Эгер долбоор кабыл алынып калса мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам кыргыз тилин милдеттүү түрдө билиши керек болгон чиновниктердин категориясын кыйла эле кеңейтет, ошондой эле мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбеген чиновниктерге айып киргизилет.

Мыйзам долбооруна ылайык, андан сырткары өлкөдөгү каржы жана техникалык документтердин бардыгынын тең оригиналы милдеттүү түрдө алгач кыргыз тилинде жазылып, толтурулушу керек.

Автор: Зарема Султанбекова