Токтогул ГЭСиндеги бузулуулардан улам электр жарыгы кайрадан өчүрүлө баштайт

dictiory103

Токтогул ГЭСиндеги төрт агрегаттын биринин авариялык өчүп калгандыгына байланыштуу кечки саат 5тен баштап бүткүл Кыргызстан боюнча электр энергиясы массалык түрдө өчүрүлө баштайт. Бишкекте электр жарыгы өчүрүлбөйт, деп билдирүүдө Кыргызстан улуттук электр тармагы.

«Кыргызстан улуттук электр тармагынын» башкы директорунун орун басары Алексей Бородин саат 17:00дөн баштап өлкө боюнча массалык электр энергиясын өчүрүү башталаарын Kloop.kgге билдирди.

«Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын биринин иштен чыккандыгына жана кубаттуулук жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу кечинде, болжол менен саат 17:00дордо республика боюнча электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилет», — деди Бородин.

Бородиндин айтымында, гидроагрегаттардын бири керектен чыккандан кийин калган үч агрегат электр энергиясынын керектөөлөрүн жаба албай калат.

«Биз айрым аймактарда аз-аздан өчүрүүгө мажбурбуз. Ал өчүрүүлөр жүктөлүштөрдү бошотуунун графиктери боюнча аткарылат. Ал графиктерде керектөөчүлөрдү кезек-кезеги менен 2 сааттан ашык эмес убакытка өчүрүү каралган», — деди ал.

«Түндүк электрдин» басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева Kloop.kgге берген маегинде Бишкекте электр энергиясы өчүрүлбөй тургандыгын айтып, убада берди.

Өчүрүүлөрдөн Чүй жана Талас облустарындагы 10 райондун электр желелери жапаа чегет.

«Бул өчүрүүлөрдүн бишкектиктерге тиешеси жок», — деди Мураталиева.

Бул быйылкы жылы кыргызстандыктардын электр жарыгын берүүдөгү көйгөйлөр менен биринчи жолу кездешиши эмес.

Декабрдын ортосунда Кыргызстандын түндүгү энергетика тармагындагы көйгөйлөргө туш келген — анда электр желелери газдын өчүрүлүшүнөн улам пайда болгон ашыкча жүктөлүштөрдү көтөрө албай калган.

Автор: Мария Гребнева