Укук коргоочулардын кеңеши Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев декабрдын ортосунда Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон жолугушуусунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишиндеги соттордун эркин экендиги жөнүндө «орунсуз» сөз сүйлөдү деп эсептеп жатат. Аскаров 2010-жылы милиция кызматкерин «өлтүргөн» деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Меркель Аскаровдун тагдыры жөнүндөгү маселени декабрдын ортосунда - Атамбаевдин Берлинге болгон иш сапары учурунда көтөрүп чыккан.
Анда Атамбаев жооп катары «укуктук маселелердин бардыгын сот чечиши керек» деп, Кыргызстанда соттор президенттен көз карандысыз экендигин белгилеген.
Укук коргоочулардын кеңеши Кыргызстандын президентинин ал жообу «орунсуз болуп калган» деп эсептеп жатышат.
«Этникалык өзбек Азимжан Аскаровдун ишин кароо түрдүү топтордун тынымсыз басымдары, ошондой эле жактоочуларды коркутуу, кол салуу жана сот имаратындагы олуттуу зомбулук актылары менен коштолгон», — деп жазылган укук коргоочулардын кайрылуусунда.
Кеңештин пикири боюнча, соттор Аскаровго карата жасалган «кыйноолордун» далилдерин четке кагып койгон.
Президент Атамбаев журналисттер менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Аскаровдун иши боюнча эч кандай комментарий бербөөгө аракет кылып келет.
«Мен Азимжан Аскаровго карата чыгарылган өкүм боюнча пикиримди билдирбейм, мен эмне деп айтсам да дароо эле: “Президент соттун ишине киришип жатат” деп айтышат», — деди Атамбаев 24-декабрдагы маалымат жыйынында», - деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги.
Буга чейин - ноябрь айынын ортосунда Азимжан Аскаров Кыргызстандын бийлигинин үстүнөн БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттануу арызын жөнөткөн.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй үстүбүздөгү жылдын июль айынын башындагы Кыргызстанга болгон сапары учурунда Аскаровдун иши боюнча сот процесстери адилетсиз өткөн деп билдирген.
Аскаровдун иши
Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек — 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
Аны өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын июнунда болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.
Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун айтышкан.
2012-жылдын май айында Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина жактоочу тарап дагы 10 жаңы күбөнүн көрсөтмөсүн нотариалдык жактан күбөлөндүрө алгандыгын билдирген.
Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтышкан.
Автор: Зарема Султанбекова