Ысык-Көл: Кар көчкүсүнөн эки адам каза болду

lavina

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кар көчкүсүнөн эки киши каза болуп, бирөө ооруканага жаткырылды. ӨКМ билдиргендей, кар көчкүсү жылуу аба ырайынан улам түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, аман калган адамдын буту сынып, ооруканага жаткырылган.

Мекеме кар көчкүсүнүн түшүүсүнө аба ырайы себеп болгондугун билдирүүдө.

«Кар көчкүсү аба ырайынын кескин жылып кетишинен улам түшкөн», – деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Чоң-Таш айылдык округунун башчысы Таштанбек Кошоев Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү тургундар куткаруучулар келгенге чейин каза болгондордун денелерин төрт саат бою өз алдынча издегендиктерин айтты.

«ӨКМге кийинчерээк билдиргенбиз [...] кечээ бизде электр жарыгы өчүп калып телефон чалууга мүмкүн болгон эмес», – деди Кошоев.

Анын айтымында, каза болгондордун сөөктөрү туугандарына берилди. Ал эми жабырланган адам Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылып, учурда анын абалы «нормалдуу» деп бааланып жатат.

Комментарий алуу үчүн Ысык-Көл облустук ооруканасы жеткиликсиз болууда.

Кар көчкүсү 26-декабрь күнү кечинде Түп районунун Чоң-Таш округундагы Орто-Айрык капчыгайында түшкөн.

Автор: Александра Ли

Редактор: Алексей Ким