Жаңы жыл түнү кимдер иштейт?

dictiory10443

Жаңы жыл түнү шаардын ички түзүмү иштеп туруусу үчүн жүздөгөн бишкектиктер иштейт. Бардыгы көңүл ачып жатканда кимдер иштеп жаңы жылдык түндүн баатыры болот?

31-декабрда да, 1-январда да Бишкектеги эки ири супермаркеттин түйүндөрү иштейт.

«Народный» дүкөндөрү 31-декабрда саат 22:00дө жабылып, 12 сааттан кийин иштеп башташат. Калган күндөрү супермаркеттер күнү-түнү иштейт, деп жазылган анын расмий сайтында.

Дүкөндөр өз ишин 1-январда, саат 10:00дө баштайт.

Алардын атаандашы болуп эсептелген «7 дней» супермаркеттери кадимки режимде эле – күнү-түнү иштейт, деди дүкөндөрдүн биринин администратору Ыйман Осмонкул уулу Kloop.kgге.

«Бета Сторес» супермаркеттеринен жаңы жыл түнү алардын графигинде өзгөртүүлөр болбой тургандыгын билдиришти – алар кадимкидей эле эртең мененки саат тогуздан кечки онго чейин иштешет.

Жаңы жыл түнү Бишкектин ыкчам кызматтары да үзгүлтүксүз иш алып барышат.

Ал кызматтардын жумушчулары кезек-кезек менен иштешет: кызматкер бир сутка иштеп, кийинки суткаларда эс алат.

Тез жардам кызматынын кызматкери Валентина Срунькова Kloop.kgге берген маегинде алар бардыгы эс алып жаткан күндөрү иштөөгө көнүп калгандыктарын айтты.

«Биз жаңы жылда да, башка майрамдарда да иштеп келебиз. Бул бизге көнүмүш деле болуп калды», – деди Срунькова.

Ал ыкчам кызматтардын жумушчулары майрам күндөрдөгү иши үчүн эч кандай сыйлык албайт, деп кошумчалады.

Өрт өчүрүү кызматынын башкы башкармалыгынын катчысы Диляра Дихконова жаңы жыл түнү төрт топ кезектешип иштейт деди Kloop.kgге.

Ал кызматтын жетекчилиги иштебей тургандыгын кошумчалады.

Милиция кызматкерлери да күнүмдүк режимде - күнү-түнү иш алып барышат.

Авторлор: Нургиза Раева, Ширин Сабирова жана Нурия Шамшиева

Редактор: Шахида Дүйшеева