Бишкек-Ош унаа жолу үч күн жарым-жартылай жабык болот

dictiory103

Кар көчкүсүнүн түшүү коркунучунан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош унаа жолун жарым-жартылай жабат. Куткаруучулар бир нече күн бою андагы кооптуу жерлердеги карларды атып түшүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы ыкчам топтун башчысы Муханбет Сваров Kloop.kgге берген маегинде кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери 28-декабрдан 30-декабрга чейин жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

«Кар көп жаагандыктан кар көчкүсү жүрүп кетүү коркунучу бар жерлердеги карды атып түшүрүү чечими кабыл алынды. Үч күндүн аралыгында кооптуу жерлер коопсуздандырылат», – деди Сваров.

Ал унаа жолу жарым-жартылай жабыла тургандыгын айтып, түшүндүрдү.

«Жол атуу маалдарында эки тарабынан тең жабылат. Эгер кар жолго чейин жетсе жолчулар тез аранын ичинде тазалайт, жол ачылып, кыймыл калыбына келтирилет», – деди Сваров.

Акыркы жолу Бишкек-Ош унаа жолу 18-октябрда жабылган - анда жолдорго калың кар түшүп, тайгак болуп калган. Мындан улам Төө-Ашуудагы тыгында 500дөй унаа токтоп калган.

Анда Алай райондагы Гүлчө айылынын жашоочусу Кыял бир күндөн бери Бишкектен үйүнө жете албай жаткандыгын айтып, даттанган.

«Жолго кум себилген эмес, ӨКМ менен МАИ кызматкерлери эки тарапка унааларды бир-бирден өткөрүп жатышат [...] Көпчүлүгү кар жөнүндө билбегендиктен тыгын пайда болду», – деген Кыял.

Бишкек-Ош унаа жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган жалгыз гана жол болуп эсептелинет.

Авторлор: Мария Гребнева жана Нургиза Раева