Электр энергиясына болгон баалар 2013-жылы жогорулашы мүмкүн

dictiory103

Энергетика министрлиги жабдууларды оңдоого каражаттын жетишсиздигинен улам эмдиги жылы электр энергиясына болгон бааларды 10 тыйынга жогорулатууну пландап жатат. Энергетика тармагындагы талдоочулар менен сурамжыланган депутаттар баалардын жогорулашына каршы чыгып жатышат.

Энергетика министрлиги мамлекеттик бюджеттеги каражаттын тартыштыгынан улам 2013-жылы электр жарыгына болгон бааларды жогорулатууну пландап жатат, деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Азамат Курамаев.

«Жабдуулар, кабель электр чубалгылары жана өндүрүп чыгаруучу станциялар тез аранын ичинде жаңыланууга муктаж», – деди Курамаев.

Анын айтымында, тарифтерди киловатт-сааты үчүн 10 тыйынга жогорулатуу пландалып жатат. Учурда электр энергиясынын киловатт-сааты 70 тыйын турат.

Энергетика тармагы боюнча талдооочу Расул Умбеталиев бул тармактагы коррупция жоюлмайынча электр энергиясынын баасын кымбаттатуу эч жыйынтык бербейт деп эсептейт.

«Жылына 100 миллион доллардан ашык каражат уурдалат. Алар 10 тыйынга кымбаттаткан күндө да ал 100 миллионду чогулта алышпайт», — дейт Умбеталиев.

Депутаттар баалардын жогорулашына каршы

2012-жылдын жай айларында кабыл алынган «Энергетика жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго ылайык, электр энергиясына болгон бааларды жогорулатуу парламент тарабынан жактырылгандан кийин гана мүмкүн болот.

Депутат Татьяна Левина баалардын жогорулашынан улам чогулган каражат электр желелерин оңдоого жумшалбай калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат.

«Биз канчадан бери электр тармактарын оңдоо үчүн жумшалышы керек болуп алынган каражат тууралуу алардын отчетторун угууга аракет кылып келе жатабыз. Бирок бир дагы отчетун көргөн жокмун», – деди депутат.

Анын кесиптеши Анвар Артыков энергетиктердин «ишиндеги мүчүлүштүктөр» жарандарга мындай таасирин тийгизбеши керек деп эсептейт.

«Мен электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулоосуна терс көз караштамын. Бул мүчүлүштүктөрдүн бардыгы тең — энергетиктердин, жалпы эле өкмөттүн иши, эми алар элден акча чогулткулары келип жатат», – деп болжолдоду эл өкүлү.

Парламентарий Бахтияр Кадыров дагы Энергетика министрлиги бааларды жогорулатпастан эле бюджетин толтурууга жөндөмдүү деп эсептейт.

«Алардын бюджетти толтуруп, каражат табуусу үчүн ички резервдери жетиштүү[...] Министрликтин электр энергиясы тармагындагы уурулук менен күрөшкүсү келбейт», – дейт Кадыров.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Алексей Ким