2012-жылдын аягына чейин «Манас» аэропортунун унаа токтотуу жайлары автоматташтырылган системага өтүп, анда унаа коюу бекер болбой калат. Ага төлөнүүчү акы саатына 20 сомдон 50 сомго чейинки сумманы түзөт. Бул боюнча сурамжыланган айдоочулар түрдүү көз караштарын билдиришти.
Аэропорттун аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери унаа токтотуу жайы үчүн акы «бүгүн-эртеңден баштап» алына баштай тургандыгын Kloop.kgге билдирди.
Унаа токтотуу жайларында жаңы келген айдоочуларга карточка берип тура турган атайын автоматтар орнотулат, ага унаа койгондугу үчүн төлөнүүчү сумма эсептелинип, жазылат. Айдоочу чыгып бара жатканда ал карточканы өткөрүп, анда эсептелинген сумманы төлөп кетет, деп билдирди ал.
«Манастын» кызматкеринин айтымында, аэропорттун аймагында эки унаа токтотуу жайы бар: борбордук жана жакынкы. Борбордук унаа токтотуу жайга унааны 1 саатка коюу 50 сом, жакынкы унаа жайга коюу болсо 20 сомду түзөт. Ал эми эки унаа токтотуу жайында тең алгачкы 15 мүнөт бекер болуп эсептелинет.
Ал унаа токтотуу жайларда күнү-түнү кароолчулар иштеп, видео байкоо камералары орнотулаарын айтты. Аэропорт ошондой эле «Манаска» тиешелүү болбогон такси айдоочуларына борборго учуп келген жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салат, деп кошумчалады кызматкер.
«Манас» аэропорту унаа токтотуу жайларына акы төлөтүүнү 2011-жылы эле киргизүүгө аракет кылган, бирок оң рулдуу унаалардын айдоочуларына карточка берүүнүн «ыңгайсыздыгынан» улам ал ою ишке ашпай калган. Эми карточка бериле турган автоматтар эки тарапка тең орнотулган.
Акча жок
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган айдоочулар түрдүү кө караштарын билдиришти.
«Буга терс көз караштамын. Эч кимдин ашыкча акча төлөгүсү келбейт. Кардарлар үчүн бул анча деле таасирин тийгизбеши мүмкүн, бирок такси айдоочулары үчүн ыңайсыз болуп калат», – деди айдоочу Кубат Эсенов.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген такси айдоочусу кесиптешинин пикири менен макул.
«Ал жерде ар дайым унаа тыгыны. Негизинен учуу же учуп келүү учурлардында кардарларды өтө эле көпкө күтүп каласың. Бизге акча төлөп кире турган унаа жайлары пайдасыз, ансыз деле акча аз», – деди ал.
«Удача» фирмасынын такси айдоочусу Давлет Мухамбетов айдоочулар үчүн бекер берилген убакыт жетиштүү болот деп эсептейт.
«Бизге кардарды түшүрүп кетип калууга 15 гана мүнөт жетиштүү», – деди Мухамбетов.
Автор: Александра Ли
Редактор: Алексей Ким
Сүрөт «Манас» аэропортунун расмий сайтынан алынды