Жогорку Кеңеш 2016-жылга чейинки стратегия долбоорун жарыялады - анын негизи максаты өкмөттү мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө «активдүүрөөк» кылуу.
Парламенттегилер өкмөт депутаттардын кароосуна тиешелүү деңгээлдеги мыйзам долбоорлорун сунуштабай эле деп эсептеп жатышат.
«Жогорку Кеңештин кароосуна алынып чыккан мыйзам долбоорлорунун 47 пайыздан ашыгы парламенттин өзү тарабынан, а калган 53 пайызы өкмөт тарабынан сунушталууда. Бирок дүйнөлүк практика кароого коюлган мыйзам долбоорлорунун көпчүлүк бөлүгү өкмөт тарабынан сунушталышы керектигин көрсөтүүдө», — деп жазылган стратегия долбоорунда.
Парламент буга чейинки министрлер кабинети менен болгон ишиндеги катачылыктарды көрсөткөн.
«Жогорку Кеңеш менен өкмөт учурдагы мыйзамдарга эсепсиз өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алууда. Мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду системасыз киргизүү учурдагы мыйзамдардагы карама-каршылыктар менен кайталоолорду пайда кылууда», — деп жазылган долбоордо.
Саясат таануучулардын пикири
Саясий серепчи Токтогул Какчекеев парламент менен өкмөттүн кимиси канча мыйзам долбоорун сунуштабасын эч нерсе өзгөрбөйт деп эсептейт.
Какчекеевдин пикиринде, карама-каршы келген мыйзам долбоорлор жана өзгөртүүлөрдөгү көйгөйлөрдү өкмөттөгү квалификациясы жогоруу адистер чече алат.
«Анда[министрлер кабинетинде] адистер жок, практикалык тажрыйбага ээ эмес, дипломдуу адамдар бар», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Саясий серепчи Марс Сариев да сунушталган мыйзам долбоорлорунун канчасы министрлер кабинетине, канчасы парламентке тиешелүү болушу керектиги жөнүндө сунуштама берген жок.
«Азыр сунуштама берүү кыйын, анткени учурда өкмөт сыяктуу эле парламент дагы анча профессионалдуу эмес. Парламент азыр юбкалардын узундугу, кийимдин көрүнүшү, түрү сыяктуу толугу менен абстрактуу маселелерди карап жатат… Ал эми өтө маанилүү маселелер четте калып калууда», — деди ал.
Жогорку Кеңеш өкмөт менен болгон ишин макулдашып алуудан сырткары стратегия долбоорунда өз алдына төмөнкү максаттарды коюуда:
- Парламенттин ишин оптималдаштыруу;
- Жогорку Кеңештин «ролу жана маанилүүлүгү» тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
- Парламент аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
- Жогорку Кеңештин президент жана бийликтин аткаруу органдары менен болгон ишин өркүндөтүү;
- Депутаттардын ишинин сапатын жакшыртуу;
- Башкы прокурордун, акыйкатчынын, Улуттук банктын жана Эсептөө палаталарынын төрагаларын, ошондой эле БШКнын мүчөлөрүн тандоодоогу көзөмөлдү жакшыртуу.
Автор: Зарема Султанбекова