«Тартипти сактоо» үчүн Жогорку Кеңештин имаратына турникеттер орнотулушу мүмкүн

parliament

2013-жылы парламентте кызматкерлердин жумушка келген жана кеткен убактыларын каттоого алып тура турган электрондук турникеттерди орнотууну көздөп жатышат – көзөмөлгө алына тургандардын арасында депутаттар  болбойт, деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Парламенттин имаратынын кире беришине орнотула турган электрондук турникеттер аппараттын кызматкерлеринин тартибин көзөмөлдөөгө жардам берип, коопсуздукту камсыз кылат, деп жазылган Жогорку Кеңештин 2016-жыла чейинки стратегиялык долбоорунда.

Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин кататрына депутаттар кирбейт.

«Жогорку Кеңештин аппараты менен анын стуруктуралык бөлүмүнүн жетекчиликтери колдору бошобогондуктан электрондук турникеттерсиз кол алдындагы кызматкерлердин жумуштагы убактыларын өз убагында көзөмөлдөй албай калышат», — деп жазылган долбоордо.

Жогорку Кеңештегилер электрондук турникеттердин орнотулушу менен өткөрүү бюросундагы кезек күткөндөрдүн саны азаят деп эсептеп жатышат.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Игорь Гусаров бул сунушту колдойт.

«Аппаратта иштегендер үчүн билким — туурадыр. Эгер алар кайсы бир жакка себепсиз кетип калса көзөмөлгө алуу керек, бирок депутаттардын жардамчыларынын жумушчу күнү нормага салынган эмес [...] Көпчүлүк учурларда алар депутаттардын тапшырмаларын аткарышат», — деди Гусаров Kloop.kgге берген маегинде.

Социал-демократ Бахтияр Кадыров турникеттердин орнотулушун «нормалдуу көрүнүш» деп эсептейт.

«Ишин иш бөлмөсүндө аткара тургандар үчүн — бул туура», — деди ал.

«Ата-Журт» партиясынан депутат  Роман Шин дагы турникеттердин орнотулушуна каршы эмес.

«Тартип деген тартиптей, бардыгы үчүн бирдей болушу керек. Биз айлык акы алып жатпайбызбы, каршы эмесмин, мен макулмун», — деди Шин.

Аны менен катар депутаттар өздөрү турникеттердин көзөмөлүнөн өтүүнү каалабай эле.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган парламентарийлер алардын жумушу ар дайым эле имараттын ичинде болууну талап кылбагандыктан депутаттардын кирип-чыгуусун көзөмөлдөөнүн «пайдасыз» экендигин айтышты.

Автор: Зарема Султанбекова