Акыйкатчы Турсунбек Акундун уулу «Ар-Намыс» партиясы тарабынан партия мүчөсү Зоя Виниченко каза болгондон кийин анын батирин менчиктештирип алган деп шектелүүдө. Акун бул иш акыйкатчыны шайлоонун алдында аны «каралоо» үчүн чыгарылгандыгын айтты. Уулу өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун баласы Расул Турсунбек уулу Kloop.kgге берген маегинде Виниченко батирин ага өз каалоосу менен мураска калтыргандыгын айтты.
«Ал мага тирүү кезинде өзү белек катары берген. Үйүн сатууну да өзү сунуштаган, бул боюнча видео материал бар», – деди ал.
Бирок Турсунбек уулу ал видеолорду Kloop.kgге көрсөтө алган жок.
Акун билдиргендей, «Ар-Намыстын» депутаттары алдыдагы акыйкатчыны шайлоодо өз партиясынан чыккан талапкердин жеңиши үчүн аны каралап жатышат.
«Ар-Намыс» партиясынын бир катар депутаттары акыйкатчылыкка өздөрүнүн талапкеринин өтүп кетишине кызыкдар, ошондуктан алар ушундай жолду тандап алышты», – деп эсептейт ал.
Укук коргоочу Виниченко 80 жаш курагында өз ажалы менен каза болгондугун кошумчалады.
Акыйкатчылыкка ат салышып жаткан «ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулунун жардамчысы укук коргоочунун айткандарын четке кагууда.
«Жок, андай эмес [...] Виниченко каза болгондон кийин батир колдон колго бир нече жолу сатылган, сатып алуучулардын арасында Расул Турсунбек уулу дагы болгон. Батир жөнүндө ал кайдан билди? Айталы, пенсионер бир кездерде акыйкатчыга жардам сурап кайрылган, анан системага анын уулу киришкен десек болот, бирок бул божомол гана», – деди ал.
«Ар-Намыс» партиясынын мүчөсү Дастан Бекешев Бакир уулунун жардачысынын пикири менен макул.
«Менин оюмча ал [акыйкатчы] жаңылып жатат, эч ким эч кимди каралагысы келбей эле», – деди Бекешев.
Автор: Тилек Бейшеналиев
Редактор: Нуржамал Жаныбекова