«Иегово күбөлөрү» каттоого алуудан баш тартты деп Кыргызстандын үстүнөн БУУга даттанды

Snimok-e-krana-ot-2013-01-02-163621

Эки жыл мурун Ош, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында христиандык «Иегово күбөлөрү» диний уюмун каттоодон баш тартышкан. Динге ишенгендер БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышты — бул боюнча Kloop.kgге 2012-жылдын декабрынын аягында белгилүү болду.

«Иегово күбөлөрү» диний борборунун басма сөз катчысы Хамит Искаков анын уюмун Ош, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында каттоодон өткөрүүдөн баш тарткандыктары үчүн БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттангандыгын Kloop.kgге билдирди.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия баш тартууну жергиликтүү кеңештер «Иогово күбөлөрү» уюмунун негиздөөчүлөрүнүн тизмесин түзүп берген жок деп түшүндүрүп жатышат, деди Искаков.

Өз кезегинде жергиликтүү кеңештер Кыргызстанда андай тизмелерди түзүүнү көзөмөлгө ала турган жол-жобо жок экендигин айтып жатышат.

Искаков Kloop.kgге берген маегинде эмне үчүн анын уюмуна карата басым жасалып жаткандыгын түшүнбөй аткандыгын айтты.

«Биз бардыгы менен тынчтыкты сактап калууга аракет кылабыз. Иегово күбөлөрү дүйнө жүзүнө библиянын жогорку адеп-ахлактуу принципптерин, нормаларын кармангандыгы менен белгилүү», — деди басма сөз катчы.

Бийликтегилер жаңы жылдык эс алууларга байланыштуу «Күбөлөрдүн» БУУга даттангандыгы боюнча комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты «Күбөлөрдүн» иши өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акундун жеке кийлигишүүсү менен «объективдүү» карала баштагандыгын билдирген.

Анда – 2012-жылдын ноябрында - акыйкатчы уюмдун мүчөлөрүн ата-энелик укуктарынан ажыратуу аракети болгондо жардам берген.

Акыйкатчы ошондой эле 2012-жылдагы уюмдун Кант шаарында өтүп жаткан жыйынынын үзгүлтүккө учурашы фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушуна жардам берген.

«Террорист» катары кабыл алуу

2011-жылдын декабрында Баткен облусунун Кадамжай районунда эки «Күбө» — 18 жашар Искендер Камбаров менен 22 жаштагы Жонибек Носировдор «террористтик» «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар делинип камакка алынышкан.

Кадамжай райондук соту аларды жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок ошол жылдын 20-июнунда Баткен облустук соту кылмыш иликтөө учурунда «көптөгөн олуттуу мыйзам бузууларга» жол берилгендигин эске алып төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарды, деп жазылган «Күбөлөрдүн» пресс-релизинде.

«Учурда эки өспүрүм тең ата-энелери менен жашашат. Кадимки тиричилик менен алектенип, иштешет, аны менен бирге “Иегово күбөлөрү” бойдон калууларын улантып жатышат», — деди Искаков.

«Иегово күбөлөрү» — бир катар өлкөлөрдөгү секталарга тийиштүү болгон, белгилүү бир көз карашта бекем турган  христиандык уюм. Алар уюмдун жашап турушу үчүн АКШда өткөн бир нече жолку соттук процесстери менен белгилүү, ал сот мыйзамдын ири либерализация багытына өзгөрүшүнө алып келген.

Автор: Зарема Султанбекова