Кыргызгидромет: Январь айында катуу суук күтүлбөйт

bishkek-at-night_10349

2013-жылдын башында Кыргызстандын аймагында өтө катуу суук аба ырайы болбойт, деп жазылган Кыргызгидрометтин сайтында. Январда атмосфералык жаан-чачындын көлөмү нормадан аз болушу болжолдонууда.

2013-жылдын январь айында Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн минус жетиден минус 23 градуска чейин, күндүзү минус 12ден плюс 2 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Эң суук январь Нарын облусунда болот – анда түнкүсүн абанын температурасынын минус 29 градуска чейин төмөндөшү, ал эми күндүзү минус 8 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Эң жылуу аба ырайы Ош, Жалал-Абад облустарында болуп, күндүзү абанын температурасынын 5 градуска чейин жылышы күтүлүүдө. Синоптиктердин болжолдоолору боюнча Ысык-Көл облусунда дагы абанын температурасы нөлдөн жогору болот.

TimeAndDate.com сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкекте январь айында күн 50 мүнөткө узарат.

Эгер Кыргызстанда 3-январда күн саат 8:33тө чыгып 17:40та кирсе, 31де болсо 8:18де чыгып 18:13тө батып калат.

Бишкекте январь айынын эң жылуу күнү 2007-жылдын 30унда катталган, анда абанын температурасы плюс 19,2 градуска чейин жогорулаган.

Ал эми эң суук күн 1920-жылдын 31-январында катталган, анда термометрдин көрсөткүчү минус 38,1 градуска чейин төмөндөгөн.

Өтүп кеткен декабрь Кыргызстандагы өзгөчө суук күндөрү менен белгиленип калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорологиялык агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында акыркы он жылдан берки эң суук түндөрдүн бири катталгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү минус 28 градуска чейин төмөн түштү. Декабрдагы мындай өтө суук аба ырайы 1966-жылы болгон», — деди ал.

Автор: Мария Гребнева