Ысык-Көл: Бурганактан улам Түп-Кеген унаа жолу убактылуу жабылды

bishkek-at-night_10349

Ысык-Көл облусу менен Казакстанды бириктирип турган жалгыз унаа жолунун 14 чакырымы калың жааган кардан улам жабылды, андагы кардын калыңдыгы бир жарым метрге жеткен. Куткаруучулар жолду 3-декабрдын кечине карата тазалап бүтө тургандыктарын айтып, убада кылышты.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча нөөмөтчүсү Бейшен Супатаев унаа жолу 2-январда күндүз жабылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Түндө [1-январда] кар жаады. Бурганактап шамал катуу болду», – деди ал.

Санатаевдин айтымында, учурда күн ачык.

Нөөмөтчү билдиргендей, куткаруучулар кечке карата жолдун бир багытка кете турган бөлүгүн тазалап бүтүп, кууш өткөөлдү ачууну пландап жатышат.

ӨКМ Түп-Кеген унаа жолун 20-декабрда дагы жапкан, аны менен бирге эки тоолуу унаа жол тосулган.

Анда ал унаа жолдордун жабылышына катуу бороон себеп болгон. Кыргызстанда 12-декабрдан 22-декбрга чейин өтө суук аба ырайы болуп, ал кардын жаашы менен коштолгон.

Аталган күндөрдүн аралыгында өлкөнүн түндүк бөлүгүндө термометрдин көрсөткүчү бир дагы жолу нөлдөн жогору көтөрүлгөн эмес.

Гидрометеорологиялык агенттик 2013-жылдын январында республика боюнча катуу суук болбойт деп болжолдоодо.

Автор: Шахида Дүйшеева