Кыргыз хирургдары 2013-жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча 12 операция жасоону пландап жатышат

bishkek-at-night_10349

Төрт операция үстүбүздөгү жылдын январында жасалат. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун айтымында, жалпысынан 250 миң кыргызстандык бөйрөгүнө операция жасатууга муктаж.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Талгат Осмонов Kloop.kgге берген маегинде азыр 12 гана жарактуу донор бар экендигин айтты. Мындан улам азырынча бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган 12 гана адамга операция жасоо пландалып жатат.

Ал түшүндүргөндөй, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, оорулууга жакын туугандары же ата-энеси гана донор боло алат.

«Тилекке каршы, бизге жакын туугандары жок адамдар көп кайрылышат. Алар бизге жезделери, жеңелери жа тай эжелери менен келишет, бирок биз мыйзамдын чегинен чыга албайбыз», – деди ал.

Бөйрөктү алмаштыруу үчүн донор менен оорулуунун иммундук статустары дал келүүсү зарыл, жакын туугандардын ал статустары дайыма эле дал келе бербейт, деп кошумчалады Осмонов.

Илим изилдөө институтунун директору дүйнөдө унаа кырсыгынан каза болгон же өз бөйрөгүн берүүгө макулдугун билдиирген кайсы гана адамдын болбосун органын алып трансплантациялоо практикада колдонулуп келээрин айтты.

«Жакында бизге да мындай практиканы колдонууга уруксат берилиши боюнча парламентке кайрылабыз деген ойдомун», – деди ал.

Осмонов мындай бир операция жасоо 9 миң доллардын тегерегиндеги (40 миң сомдон ашык) каражатты түзөөрүн, чет өлкөлөрдө бир бөйрөктү алмаштыруу 15 миң доллардан 100 миң далларга чейин жете тургандыгын айтты.

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операция 2012-жылдын июль айынын ортосунда жасалган. Анда операция жасаган адистер Орусия менен Казакстандан тажрыйба топтоп келишкен.

Бөйрөк жетишпестиги — бул бөйрөктүн ишке жөндөмдүүлүгүнүн акырындык менен азайышы. Ал бөйрөктүн ишиндеги көп сандаган бузулуулурды пайда кылып, организмде зыяндуу заттардын топтолушуна алып келет.

Бөйрөк жетишпестигинин акыркы баскычында оорулуулар бөйрөктү алмаштырып же үзгүлтүксүз «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп гана аман кала алышат.

Автор: Бегайым Акбарова