Кыргызстан: Электр жарыгын пландуу өчүрүү токтотулду

bishkek-at-night_10349

2012-жылдын декабрынын аягында бузулуп калган Токтогул ГЭСиндеги №4 гидроагрегат толук оңдоодон өтүп, 3-январдан 4-январга караган түнү иштей баштады. Ал бузулуунун айынан өлкө боюнча электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилген. «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз катчысы эми электр жарыгы өчүрүлбөстүгүн айтты.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы авария гидроагрегаттын тыгыздыгынын бузулушунан улам пайда болгондугун билдирди.

«Түндүк электрдин» басма сөз катчысы Гуля Мураталиева мындан ары электр жарыгы өчүрүлбөй тургандыгын Kloop.kgге айтты.

«Токтогул ГЭСи оңдолду да, ошондуктан азыр оңдоо иштери жүрүп жаткан аймактарда гана өчүрүлүшү мүмкүн», — деди Мураталиева.

Буга чейин «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Алексей Бородин бузулуп калган гидроагрегат оңдолуп, андагы көйгөйлөр жоюлгандан кийин электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр токтотулаарын билдирген.

«Эгер Токтогул ГЭСиндеги жабдуулардын бардыгы иштеп турса электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болбойт», – деген ал.

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын бири 27-декабрда иштен чыккан. Мындан улам электр энергиясын берүүдө өлкө боюнча эки сааттан ашпаган чектөөлөр киргизилген.

Бул быйылкы жылы кыргызстандыктардын электр жарыгын берүүдөгү көйгөйлөргө биринчи жолу туш келиши эмес.

Декабрдын ортосунда Кыргызстандын түндүгүндөгү электр желелер газдын өчүрүлүшүнөн улам пайда болгон ашыкча жүктөлүштөрдү көтөрө албай, электр жарыгы өчүрүлгөн.

Автор: Мария Гребнева