Ысык-Көл: Түп-Кеген унаа жолу жабык бойдон калууда

bishkek-at-night_10349

Ысык-Көл облусу менен Казакстанды бириктирип турган жалгыз унаа жолу калың жааган кардан улам дагы деле жабык бойдон калууда. ӨКМдин кызматкерлери жолду качан тазалап бүтө тургандыктарын так билишпейт.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча нөөмөтчүсү Бактияр Торшимбаев унаа жолу бурганактап жааган кардан улам белгисиз мөөнөткө чейин жабылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Учурда Түп-Кеген жолу жабык. Кээ бир жерлеринде кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетүүдө. Анда бульдозерлер менен жумушчулар иштеп жатышат. Негизги көйгөй шамал болуп атат. Жолду тазалаар замат шамал кайрадан кар күрткүлөрүн пайда кылууда», — деди ал.

Унаа жолу бурганактап жааган кардан улам 2-январда жабылган. Анда куткаруучулар 3-январдын кечине карата жолдун бир багытка кете турган бөлүгүн тазалап бүтүп, кууш өткөөлдү ачууну пландап жатышкан. Бирок кар кайрадан жаап баштаган.

ӨКМ Түп-Кеген унаа жолун 20-декабрда да жапкан, аны менен бирге дагы эки тоолуу унаа жол тосулган.

Анда ал унаа жолдордун жабылуусуна катуу бороон себеп болгон. Кыргызстанда 12-декабрдан 22-декбрга чейин өтө суук аба ырайы болуп, ал кардын жаашы менен коштолгон.

Аталган күндөрдүн аралыгында өлкөнүн түндүк бөлүгүндө термометрдин көрсөткүчү бир дагы жолу нөлдөн жогору көтөрүлгөн эмес.

Гидрометеорологиялык агенттик 2013-жылдын январында республика боюнча катуу суук болбойт деп болжолдоодо.

Автор: Мария Гребнева