Бишкек мектептеринде милициянын балдар бөлмөлөрү ачылат

bishkek-at-night_10349

2013-жылдын аягына чейин Бишкектин бардык мектептеринде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши менен алектенген инспекторлдордун бөлмөлөрү ачылат, деп билдирди ШИИБнин басма сөз кызматы. Бул боюнча сурамжыланган мугалимдер түрдүү пикирлерин билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ачыла турган милициянын балдар бөлмөлөрү мектептердеги мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн зарыл экендигин айтты.

«Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары тарабынан жасалган талап-тоноочулук, каракчылык сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуу фактылары бар. Бөлмөлөр бардык жерде тартип болуп, окуучулар өз иштери менен алектенишин көзөмөлгө алуу үчүн ачылат», – деди ал.

Сейитов белгилегендей, инспекторлор дайыма мектепте болуп, окуучулардын гана арасында эмес алардын ата-энелери менен мугалимдерине дагы алдын алуу боюнча иштерди өткөрүшөт.

Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши менен алектене турган инспекторлор ар бир мектепте бар экендигин, бирок Кыргызстанда буга чейин милициянын балдар бөлмөлөрү болбогондугун айтты.

Сурамжыланган мугалимдер окуу жайларында мындай бөлмөлөрдүн пайда болушу боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти.

№6 мектеп-гимназиясынын социалдык педагогу Надежда Шнырко мектептерде милициянын балдар бөлмөлөрүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Айтымында, ар бир мектепте балдардын арасында алдын алуу иштерин алып бара турган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекторлору, социалдык педагогдор жана башкы тарбиячылар бар.

«Бул колония же тергөө абагы эмес да, билим берүү мекемеси да», — деди Шнырко.

№13 мектеп-лицейинин мугалими Людмила Килинанын пикиринде, мектептерде андай бөлмөлөр керек, бирок бардык мектептерде эмес.

«Кээ бир мектептер үчүн бул өтө зарыл, анткени балдар арасында кылмыштуулук өсүп жатат. Менимче, бул ал деңгээлди кармап туруучу факторлордун бири катары жыйынтык берет», – деп болжолдоду ал.

Милициянын балдар бөлмөсү – бул жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши менен алектене турган инспектордун кылмыштуулукту азайтуу үчүн алдын алуу иштерин алып бара турган атайын бөлмө.

Автор: Бегайым Акбарова

Сүрөттүн автору: Мария Гребнева

Редактор: Шахида Дүйшеева