Ош: Көчкү алдында калып каза болгон кыздардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилет

dicti03

Өкмөт Ош облусунда кар көчкүсүнүн алдында калып каза болгон кыздардын туугандарына материалдык жардам көрсөтөт. Кыздар 2012-жылдын декабрь айынын ортосунда тоого муз тебүү үчүн барганда көчкү жүрүп каза болушкан.

Президент Алмазбек Атамбаев каражат бөлүп берүү жөнүндөгү буйрукка кол койду.

Мектеп окуучулары 22-декабрда достору менен бирге Ош облусунун Ылай-Талаа айлынын тоосуна муз тебүү үчүн барган маалда каза болушкан. Жалпысынан кар көчкүсү сегиз окуучуну басып калган, алардын беши куткарылган.

Ал балдардын бардыгы тең жергиликтүү мектептин 9-классынын окуучулары болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын келип чыгуусуна балдардын өзүлөрү күнөлүү болгон деп болжолдоодо.

«Алар катуу кыйкырыктары менен жаңырык пайда кылып, же дагы башка аракеттери менен көчкүнүн пайда болушуна өзүлөрү себепкер болушкан», — деген ӨКМдин алдындагы ыкчам топтун башчысы Муханбет Сваров Kloop.kgге берген маегинде.

Жалпысынан мектеп окуучуларынын үстүнө 150 куб метр кар көчкүсү түшкөн, деп билдирген ӨКМ.

Азырынча Kloop.kg каза болгон кыздардын ата-энелери менен байланыша алган жок.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөттүн автору: Алексей Николаевич