Камактагы адам «кыйноого алган» деп милиция кызматкерлерин айыптоодо

dictiory03

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын жашоочусу аны кылмышты моюнуна алдыртуу үчүн «сабап» коркуткандыктарын айтып милиция кызматкерлерин айыптоодо, деп билдиришти укук коргоочулар. Милиционерлер «кыйноолордун» болгондугу тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагууда.

25 жаштагы Аман Чарквиани декабрдын ортосунда баңгизатын сактаган деген шек менен кармалган. Ал Чолпон-Ата шаарынын милиция кызматкерлери кылмышты моюнуна алдыртуу үчүн аны сабагандыктарын айтып, даттанууда.

«Башка кылмыш иштерин моюнума алдыруу үчүн алар мени 11-декабрдан 13-декабрга чейин колдору, буттары жана союлдары менен сабашты, башыма целлофан баштык кийгизип кыйнашты… Кыйноолорго чыдабай 5-6 кылмыш ишин моюнума алдым», — деп жазган Чарквиани прокурорго. Бул тууралуу укук коргоочулар билдиришүүдө.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, сурак жактоочунун катышуусусуз өткөн.

Кармалган адам милиция кызматкерлери «анын манжасын сындырып, бөйрөгүнө ургандыктарын» айтууда.

Чолпон-Атанын милициясы Чарквианинин төрт кылмыштагы «күнөөсүн» 21 күндүн ичинде далилдей алган — шаардык прокурордун орун басары Эрлан Кустабаев иштин мындай тез убакыттын ичинде сотко берилишине таң калууда.

Кустабаев комплекстүү психо-психиатралдык жана соттук медициналык экспертиза өткөрүүнү Мироненкого убадалап, эгер «кыйноолордун» болгондугу аныкталса милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгой тургандыгын айтты.

Милиция четке кагууда

Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Айбек Сегизеков укук коргоочуларга Чарквианини эч ким кыйнабагандыгын жана ал кылган кылмыштарын өзү моюнуна алгандыгын айткан.

«Бардыгы мыйзамдын чегинде болгон. Аны кармалаар замат жактоочу менен камсыз кылгам. Аман 30 грамм гашиш сактаган жана Чолпон-Ата шаарындагы үч батир тоноо кылмыштарына тиешеси бар деп айыпталып жатат», — деди тергөөчү.

Кармалган Чарквианинин апасы уулунун жанында насвайдан башка эч нерсе болбогондугун айтып, аны милиция кызматкерлери атайын эле жасашкандыгын билдирүүдө.

“Канааттандыраарлык” абал

Чарквиани Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында, ага аппендиксин алуу боюнча операция жасалды.

Дарыгер Жеңиш Исмаилов Чарквианинин абалын «канааттандыраарлык» деп баалап, бирок аны убактылуу кармоочу жайга которууга боло тургандыгынан шек саноодо.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы Чарквианинин баш коргоо чарасын камакка алууга байланышпагандай кылып өзгөртүү керек же Каракол шаарындагы №3 тергөө абагына которуу зарыл деп эсептейт. Айтымында, ал абакта оорулууларды жаткыра турган атайын камералар бар.

Убактылуу кармоочу жайдын башчысы белгилегендей, кармалган адамды милициядан алып келген маалда анын денесинде кыйноолордун белгилери болгон эмес.

«Голос свободы» уюмунун маалыматына ылайык, прокуратура органдары 2012-жылы укук коргоочулар тарабынан кыйноолор боюнча аныкталган 50 факты боюнча милиция кызматкерлерине каршы кылмыш иштерин козгоодон баш тартышкан.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Голос свободы» уюмунун сайтынан алынды