КТРКнын журналисттерин сабоого шектелген адам кармалды

agt_109

Милиция Ата-Түрк сейил багынын электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жүргөн КТРКнын журналисттерине кол көтөргөн адам кармалгандыгын билдирүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, кол салууга шектелген адам — 29 жаштагы Айдин Кулбаев — журналисттерге кол көтөрүү болгон Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашайт.

«Учурда ал КТРКнын журналисттерине карата кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, көрсөтмө берүүдө», — деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, жакынкы сааттарда Кулбаев менен жабыр тарткан журналисттердин көзмө көз жолугушуусу күтүлүүдө.

Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкуловаларга 7-январь күнү, Бишкектин түштүгүндөгү үйлөрдүн электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жүргөн маалда кол салынган.

Журналисттерге кол көтөргөн адам унаасына отуруп качып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо теледебаттарды алып барган Асанакунова башына 8-9 жолу сокку жегенин, алардын экөөсү микрофон менен урулгандыгын айтты.

Анын кесиптешин эки же үч жолу урган.

«Кесиптешимди эки же үч жолу урду, анын колунан микрофонду тартып алып, экиге бөлүп салды. Анан мага келип: сен дагы жогол! деди» — деп айтты Асанакунова Kloop.kgге берген маегинде.

Президенттин көзөмөлүндө

Ишти Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алды — ал өзүнүн президенттик мөөнөтү башталгандан бери журналисттерге кол салуудан кийин мындай кадамга биринчи жолу барды.

«Укук коргоо органдарына КТРКнын журналисттерин сабоо фактысы боюнча тез аранын ичинде тергөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди», — деп жазылган президенттин веб-сайтында.

Журналисттер ооруканага жаткырылган жок, бирок баштары ооругандыгын айтып, даттанып жатышат.

Экөө тең соттук-медициналык экспертизадан өтүштү, бирок азырынча жыйынтыктары белгисиз.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Парктагы рейд

Асанакунова менен Пусурманкуловалар «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери менен бирге рейдке катышышкан, анын жүрүшүндө электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн Ата-Түрк сейил багындагы үйлөрдүн жашоочулары аныкталган.

Алгач шаардын башкы планында Ата-Түрк сейил багындагы жер тилкелерине үй куруу каралбагандыктан 2009-жылы андагы курулуш иштери коомчулукта талкуу жараткан.

Андагы президент Курманбек Бакиев башында турган бийлик бир нече жолу аталган сейил багында турак жай куруу мүмкүн эмес экендигин билдирген, бирок ал жерде жаңы үйлөр пайда боло берген.

«Акипресс» агенттигинин маалыматы боюнча, 2008-жылы сейил бактагы талаш жер тилкелери парламенттин ал кездеги чакырлышынын депутаттары баш болгон көрүнүктүү саясатчылардын эсебинде болгон.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды