Кыргызстан менен Өзбекстан Сохтогу кагылышуу боюнча тергөөнүн жыйынтыктары менен алмашышат

dictiory03

Эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү: анын жүрүшүндө Кыргызстандын 30 жараны бир сутка бою туткундалган Сох анклавындагы кагылышуу боюнча тергөөнүн жыйынтыктары менен алмашуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Шухрат Ганиевдин жолугушуусу 7-январь күнү кечинде болду, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет өкүлдөрү 6-январда Сох анклавында болгон жаңжал боюнча тергөө иштеринин жыйынтыктары менен алмашуу чечимин кабыл алышты. Ал окуя боюнча эки тарап тең кылмыш иштерин козгогон.

Жолугушуу маалында өзбек тарап жаңжал учурунда алардын үч жараны октон жарадар болгондугун маалымдады. Буга чейин алар беш киши жарадар болгондугун билдиришкен.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери адамдарга карата ок чыгарган эмес, эскертүү катары асманга гана атышкан.

Мамлекет өкүлдөрү ошондой эле Өзбекстан жарандарынын Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына өтүүсүндө алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана күч түзүмдөрүнүн өз ара байланышуу маселелерин талкуулашты.

«Тараптар бир апталык мөөнөттө жолугушуунун жыйынтыктары жана чек арадагы жаңжалды чечүү боюнча колдонулган чаралар боюнча тиешелүү протоколдорго кол коюу тууралуу макулдашууга келишти», – деп жазылган билдирүүдө.

Аны менен катар пресс-релизде учурда Баткен облусунда кырдаал туруктуу экендиги белгиленген.

Электр энергиясы үчүн кагылыш

Жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыш менен башталган.

Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.

Чек арачылар менен болгон жаңжалдан кийин Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиевдин айтымында, бошотулган кыргызстандыктардын абалдары «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Автор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды