Бир суткалык туткундан бошотулган кыргызстандыктар Өзбекстандын жарандары тарабынан «сабалган», деп билдирүүдө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү. Алар 6-январь күнү кечинде, Сох анклавындагы кагылыштан кийин барымтага алынышкан.
Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев барымтадан бошотулган 30 кыргызстандыктын жетиси ооруканага жаткырылгандыгын Kloop.kgге билдирди.
«Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин алардын бардыгына тең баш сөөгү жабыркаган, мээси чайкалган деген сыяктуу диагноздор коюлду», – деди Бердишев.
Ал ооруканага кечээ алты киши, бүгүн дагы бирөө жаткырылгандыгын билдирди.
«Ооруканага жаткырылгандардын абалдары өтө оор. Дарыгерлер аларга телефон аркылуу суйлөшүүгө да уруксат бербей жатышат», – деди Бердишев.
Анын айтымында, калган жабыр тарткандар медициналык жардамга муктаж болушса дагы түрдүү себептер менен - кимдир бирөөнүн балдары жалгыз калып, башкасыныкы зарыл иштери чыгып калып үйлөрүнө кетишкен.
Барымтадан бошотулгандардын бири «Азаттык» радиосуна берген маегинде аларды кое берээрден мурун «сабагандыктарын» айткан.
«Өзбектердин Хушяр айылынан ооруканага жеткенге чейин жол бою сабашты, алардын аралыгы болжол менен үч чакырымды түзөт», – деген ал.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Сох анклавындагы жаңжал
Жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.
Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.
Кандай болгон: Сох анклавындагы жаңжалдын хроникасы
«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.
Чек арачылар менен болгон жаңжалдан кийин Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.
Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.
Автор: Мария Гребнева
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды