Сох анклавынын жанындагы жаңжал: бир суткалык туткундан кийин барымтадагылардын бардыгы бошотулду

bishkek-atight_10349

Сох өзбек анклавында барымтага алынган акыркы 16 кыргызстандык бир суткалык туткундан кийин бошотулушту. Аларды Хушяр айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы жаңжалдан кийин өзбек жарандары барымтага алышкан.

7-январда түштөн кийин, саат төрттөрдө - Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин - барымтага алынган 30 кыргызстандыктын акыркы 16сы бошотулду.

Дагы 14 жаран 7-январь күнү эртең менен бошотулган – алардын бардыгы аялдар менен жаш балдар болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиевдин айтымында, бошотулган кыргызстандыктардын абалы «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам пайда болгон.

Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

Кандай болгон: Сох анклавындагы окуянын хроникасы

«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.

Өзбекстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алардын аскерлери кыргыз чек арачыларын токтотуп, жаңжалдын чыгышынын алдын алууга аракет кылышкан.

«Бирок, кыргыз тарап кеңешпестен эле ал аймактын Өзбекстанга тиешелүү экендигин билип туруп электр чубалгыларын тартууну уланта беришкен, бул өз кезегинде Кыргызстандын аскерлери менен Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосундагы кагылышууну пайда кылган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Өзбек тараптын билдирүүлөрүнө ылайык, кагылышуунун жыйынтыгында кыргыз чек арачылары курал колдонуп, Өзбекстандын беш жаранын жарадар кылышкан.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери адамдарга карата ок чыгарган эмес, эскертүү катары асманга гана атышкан.

Бишкектеги митинг

Мамбеталиевдин айтымында, барымтадагыларды бошотууга Өзбекстандын укук коргоо органдары да катышышкан – алар алгач кыргызстандыктарды Хушяр айылдык ооруканасына жеткирип, барымтадагыларды жергиликтүү тургундардан кайтарып турушкан.

Жаңжалга байланыштуу Бишкекте митинг болду – ага барымтадагылардын 80дей тууганы, жолдоштору катышышты. Алар бийликтин Сох анклавындагы окуяга анын башталганына бир сутка болгондон кийин гана көңүл бургандыгын айтып, нааразычылыктарын билдиришти.

Митингтин катышуучулары Мамбеталиев аларга барымтадагы кыргызстандыктардын бардыгы бошотулгандыгы туралуу билдиргенден кийин таркап кетишти.

Баткен облустук прокуратурасы өзбектердин Сох анклавында Кыргызстандын жарандарынын барымтага алынышы фактысы боюнча төрт кылмыш ишин козгоду.

Бул факты боюнча Өзбекстандын да укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Алексей Ким