Бишкекте тотализаторлорго каршы митинг өттү

dti

9-январь күнү эртең менен Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына 20дай киши чогулду — алар өлкө аймагында тотализаторлор менен букмекердик кеңселердин иштөөсүнө уруксат бере турган мыйзам долбооруна каршы экендиктерин билдиришти. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Борбордук аянттагы митингти кумар оюндарынан зыян тарткан жарандар менен активисттерден турган «Таза Келечек» уюму уюштурду. Нааразычылык акциясына 20дай киши катышты.

Акция катышуучусу Имирхан Абдраимованын айтымында, алар тотализаторлор менен букмекер кеңселеринин кумар оюндарынын катарына киргизилишин жана алардын казино сыяктуу эле Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө тыюу салынышын талап кылып жатышат.

Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоорун депутаттардын 51и колдоп, 49у каршы добуш берген.

«Ал мыйзам долбоорун орус талдоочулары экспертизадан өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында, тотализаторлор менен букмекердик кеңселер кумар оюндары эмес, спорт оюндарынынын катарына кирет деп табылган. Депутаттар ал экспертизанын жыйынтыгына таянып өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун колдошкон», — деп жазылган активисттердин билдирүүсүндө.

«Таза Келечектин» мүчөлөрү мыйзам долбоорун «элге каршы келген» мыйзам деп, ал эми аны колдогон парламентарийлерди — «патриот эмес» деп эсептешүүдө.

Абдраимова алар Бишкек базарларында сурамжылоо жүргүзгөндүктөрүн айтты. Ал белгилегендей, жыйынтыгында андагы ар бир он сатуучунун тогузу кумар оюндарынан жабыркагандар экендигин аныкталган.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

«Джокер Ас» букмекер кеңсесинин администратору Назик Жолпобаева эгер аларды жабуу тууралуу чечим чыкса жабыла тургандыктарын айтты.

«Мыйзам деген мыйзам да, биз мыйзам боюнча, эреже менен иштейбиз. Кандай чечишсе ошондой болот, биз ар дайым мыйзамга баш ийебиз», — деди ал.

Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу

Бийлик 2012-жылдын 1-январында «Кумар оюндарынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирген соң кумарканалардын лицензияларын кайтарып ала баштаган.

«Кумар оюндарынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзам парламент депутаттарынын көпчүлүк добушу менен 2011-жылдын 29-сентябрда кабыл алынган.

Анда мыйзам долбоорун демилгелеген «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов өлкөдө казинолор менен оюн автоматтарынын болушу кумар оюндарына көз каранды болгон жарандардын аң-сезимине терс таасирин тийгизээрин белгилеген.

Демилгени Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева да колдоп, өзүнүн жеке видео-блогунда казинолор коомго «терс» таасир тийгизип жаткандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору кабыл алынгын күнү казино жана оюн автоматтарынын кызматкерлери менен ээлери парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Анда 700дөй адам мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы экендиктерин билдиришип, эгер оюн залдары жабылса «15 миңдей адам жумушсуз калаарын» айтышкан.

Орто Азиялык эркин рынок институтунун «Кумар оюндарынын Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасири» жөнүндөгү отчетуна ылайык, оюн-зоок комплекстеринин жабылышынан мамлекет 16 миллиард сом жоготот.

«Таза Келечектин» мүчөлөрү өлкөнүн бюджетин «апалардын» көз жашынын эсебинен «толуктоо» туура эмес деп эсептешет.

Автор: Зарема Султанбекова