Ош облусу: Кытай жарандары менен кыргыздардын мушташынан 24 киши жабыр тартты

dtваиьпвджмi

Болжолдуу версия боюнча, Ош облусунун Куршаб айылындагы мушташ Кытай жаранынын мобилдик телефону жоголуп кеткенден кийин башталган. Алар телефонду өз алдынча табуу үчүн кыргызстандыктарды барымтага алышкан, бул өз кезегинде массалык мушташтын пайда болушуна алып келген, деп билдирүүдө милиция.

Мушташка мобилдик телефонду уурдап кеткен деген шек менен кытайлыктар барымтага алган мекендештерин бошотууга аракет кылган Кыргызстандын 100дөй жараны катышкан.

Жаңжалдан соң 24 киши ооруканага жаткырылган, алардын арасында эки өлкөнүн тең жарандары жана 4 кыргыз милиция кызматкери бар.

Мушташка Кытайдын канча жараны катышканы белгисиз.

Окуя Өзгөн районунун Куршаб айылында 8-январь күнү кечинде болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге билдиргендей, «Астана» кафесинин имаратында жашаган кытайлыктар алардын телефонун Кыргызстандын жарандары уурдап кеткен деп болжолдошкон.

«Алар телефонду өз алдыларынча табууга аракет кылышып, жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын жарандарын кармашкан. Кытайлыктардын версиясы боюнча, алар телефонду уурдап алган кишини кармап, эмнеге уурдагандыгын териштирип башташкан», — деди Ашырбаев.

«Барымтага алышкан»

Кытайдын жарандары алгач эки кыргызстандыкты кармап, териштире башташкан.

Андан кийин кармалгандар ата-энелерине телефон чалып, чакырышкан. ОИИБнин басма сөз катчысынын айтымында, кытайлыктар ал жерге барган кыргызстандыктардын ата-энелерин да сабап, барымтага алып алышкан.

«Милиция келгенден кийин алар барымтадагыларды бошотушту. Азыр жабыр тарткар милиция кызматкерлери менен барымтадан бошотулган жарандар ооруканада. Алардын денелери көгөрүп, көптөгөн жаракаттарды алышкан», — деди ал.

Милиция учурда мушташтын катышуучуларынын бардыгын суракка алууда.

Ашырбаев жалпысынан кафенин имаратында Кытайдын 82 жараны жашай тургандыгын кошумчалады.

Кытайлыктар Куршабда электр линияларынын курулушунда иштейт.

ИИМдин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Осмонбаевдин айтмында, мушташ фактысы боюнча «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул Кыргызстандын аймагында кытай жумушчулары менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы биринчи мушташ эмес.

Эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы мушташтан кийин 2012-жылдын октябрында Чүй облусунун Орловка айылынын 300дөй жашоочусу «Алтынкен» кыргыз-кытай компаниясынын жабылуусун талап кылып митигке чыгышкан – мушташ компания трактору айыл жошоочусунун жылкысын сүзүп кеткенден кийин пайда болгон.

Автор: Мария Гребнева