Барбара Брыльска кыргыз режиссерунун тасмасына тартылат

dtваиьпвджмi

«Ирония судьбы, или С легким паром!» деген тасма менен белгилүү польшалык актриса Барбара Брыльска кыргыз режиссеру Нурбек Эгендин тасмасына тартылат.

Эген Kloop.kgге берген маегинде Брыльска катыша турган тасма «Жашоону улантуу» деп аталган детективдин элементтери менен коштолгон 12 сериялуу мелодрама экендигин айтты.

«Ал RWS компаниясынын 12 сериялуу тасмасы “Биринчи канал” үчүн. “Жашоону улантуу” деп аталат», — деди Эген.

Тасманы тартуу Москва менен анын айланасында 1-февралда башталат.

Эген тасманы сентябрга карата даяр кылууну пландап жатат.

«Жашоону улантуу» тасмасына Брыльскадан сырткары Марат Башаров, Ирина Купченко, Владимир Епифанцев, Евгений Стеблов, Людмила Полякова жана Екатерина Васильева сыяктуу Орусиянын белгилүү актерлору тартылат, деди Эген.

Башка актерлордой эле польшалык актриса да тасманын 1 гана сериясына тартылат.

«Аталган кино жылдыздардын бардыгы тасманын бир гана сериясына тартылышат. Башкы ролго беш айдан бери ылайыктуу кыз издеп жатабыз. Ал белгилүү актриса болот», — деди Эген.

2012-жылдын декабрында «Росбалт» маалымат агенттиги орусиялык кино жылдыз Сергей Безруков кыргыз режиссеру Руслан Машраповдун тасмасына тартыла тургандыгын жазган.

Бирок кийинчерээк актер бул маалыматты өз сайта аркылуу четке каккан.

Кыргызстанда Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» тасмасы популярдуун — тасма «Оскар» сыйлыгынын «2012-жылдын чет тилиндеги эң мыкты тасмасы» номинациясына талапкер болгон тасмалардын болжолдуу тизмесине киргизилген.

Автор: Зарема Султанбекова