Талас облусу: Жарым-жартылай тоңгон дарыя айылды каптап кетиши мүмкүн

dtваиджмi

Каракол суусу 20 турак үйдү каптап, Талас облусунун Көпүрө-Базар айылындагы көпүрөнү талкалап кетиши мүмкүн. Жергиликтүү тургундар дарыянын жээгин кум салынган каптар менен тосуп коюшту.

Дарыянын нугунан чыгуу коркунучу Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолундагы көпүрөгө топтолуп калган бир нече чакырымдай муз пайда кылган, деп билдирди ӨКМдин Талас району боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Назгүл Садымбекова.

«Бизге кечээ, Айдаралиев айыл өкмөтүнөн дарыянын агымы боюнча муз топтолуп, 20 турак үйдү суу каптоо коркунучу бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн», – деди Садымбекова.

Ал суу көпүрөнүн жогору жагынан да, төмөн жагынан да тоңуп калган деп кошумчалады.

Кризистик кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров топтолуп калган муздарды тазалоо үчүн дарыяга экскаватор менен жүк унаалары жөнөтүлгөндүн Kloop.kgге билдирди.

«Учурда техниканын келип тазалоо иштеринин башталышы күтүлүудө. Бул кечээки катуу сууктан улам башталды. Муз сууну тосуп калган, күтүлүп жаткан жылуу аба ырайынын келиши менен дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып кетиши мүмкүн», – деди Сваров.

Талас райадминистрациясынын башчысынын орун басары Кубатбек Алапаевдин айтымында, тоңуп калган дарыя Чат-Базар, Арал жана Талды-Булак айылдарын бириктирип турган жалгыз көпүрөнү талкалап кетиши мүмкүн.

«Муз көпүрөнүн устунуна жетип калды, 15 сантиметрдей эле аралык калды. Эгер биз эки эле күн кароосуз калтырсак муз көпүрөнү каптап калат да ал талкаланат», – деди Алапаев.

Жергиликтүү тургундар суунун турак жайларды каптап кетпеши үчүн жээкти кум салынган каптар менен курчап коюшту.

Автор: Ольга Барвинская

Редактор: Алексей Ким