«Ата-журтчу» депутаттардын ишин башка судья карайт

tashiev-protest_10491

Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев депутаттардын жактоочуларынын өтүнүчүн канаттандырып, парламентарийлердин ишин кароодон баш тартты. Оппозициялык “Ата-Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор “бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган” деп айыпталууда.

Депутаттардын жактоочуларынын бардыгы тең бул иш боюнча сот отурумунда Боромбаевдин төрагалык кылуусуна каршы экендиктерин билдиришти.

Жактоочу Икрамидин Айткулов бул чечимди Боромбаев Ташиевдин баш коргоо чарасын белгилөөдө «жактоочу тараптын дооматтарын анализдөөгө аракет кылбай, иштин жыйынтыгына кызыкдарлыгын көрсөткөндүгү» менен түшүндүрдү.

Кандай болгон: сот отурумунун өтүшү боюнча хроника

Боромбаевдин төрагалык кылуусуна жактоочулардан сырткары айыпталып жаткан депутаттардын партиялаштары — Жылдызкан Жолдошева менен Курманбек Осмоновдор да каршы болушту.

Осмонов депутаттарга карата кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алаарын, ал эми оппозиционерлерге каршы кылмыш ишин анын орун басары козгогондугун судьянын эсине салды.

Депутат ошондой эле парламентарийлердин 3-октябрдагы аракеттерин «бийликти күч колдонуп басып алуу аракети» катары эмес, «бейбаштык» катары кароо керектигин белгиледи.

Мамлекеттик айыптоочу катары сот отурумуна Башкы прокуратурадан, шаардык жана райондук көзөмөлдөө органдарынан бир-бирден прокурор катышты.

Жактоочулар сотко бир гана прокурор - райондук көзөмөлдөө органынан келген өкүл гана катышышы керектигин талап кылышты.

Өз кезегинде прокурорлор жактоочу тарап менен макул болгон жок, алар сот отурумуна бардыгынын тең катышууга укуктары бар экендигин билдиришти.

Депутаттардан сырткары сот жообуна тартылып жаткандардын арасында Ташиевдин жансакчылары менен генерал-майор Кубат Кожоналиев да болду.

Сот отуруму жүрүп жатканда Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына 100дөй киши чогулуп, “Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго эркиндик!” деген ураандар менен митинг өткөрүштү. Имаратты 70тей милиция кызматкери курчап турду.

Оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» жана «бийликтин басып алууга үндөгөн» деп айыпталып жатышат.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган.

Автор: Зарема Султанбекова