Баткен: митингтин катышуучулары Сохтогу жаңжалдан кийин жабылган жолдун ачылышын талап кылып жатышат

tashiev-protest_10491

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдындагы нааразычылык акциясына Кадамжай районунун 200дөй жашоочусу чогулган. Митингтин чыгышына Сох анклавындагы жаңжалдан кийин Божой айылына бара турган жолдун жабылышы себеп болгон.

Митингке Сох району менен чектешкен айылдардын жашоочулары катышып жатат, деп кабарлады өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев.

Ал Kloop.kgге берген маегинде митинг катышуучулары Сох анклавы аркылуу өткөн Божой айылына бара турган унаа жолунун ачылышын талап кылып жаткандыктарын билдирди. Айтымында, анда түрдүү себептер менен Кадамжай районуна барышы керек болгон адамдар бар.

«Божой айылын райондук борбор менен байланыштырып турган унаа жолу жабылгандыктан алар тынчсызданып жатышат, анткени анда алардын туугандары калышкан. Айылда медициналык жардамга муктаж адамдар да, район борборуна келип насыя төлөшү керек болгон жарандар дагы бар», – деди Бердишев.

Ал жакынкы сааттарда митингтин катышуучулары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушат деп кошумчалады.

Бердишев билдиргендей, алар Сох анклавы аркылуу өткөн жолдун качан ачыла тургандыгын билишпейт.

Митингтин катышуучулары ачылышын талап кылып жаткан жол Баткен облусунун түштүк тарабы менен түндүгүн бириктирип турган жападан жалгыз жол болуп эсептелинет.

Сох анклавындагы жаңжал

Жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

Кандай болгон: Сох анклавындагы жаңжалдын хроникасы

Чек арачылар менен болгон жаңжалдан кийин Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Учурда Сохтогу жаңжалдан улам жабырланган 11 адам ооруканада. Алардын экөөсүнүн абалы «оор» деп, калгандарыныкы – «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды