Бишкек: 12 күндүк чектөөлөрдөн кийин көчөлөргө жарык берүү калыбына келтирилет

aыфсммфмgt_109

Электр энергиясын үнөмдөө маалында өчүрүлгөн борбордун көчөлөрүн жарыктандыруу толугу менен калыбына келтирилет. Бишкекте декабрдын аягынан бери борбордук көчөлөргө гана жарык берилип келген.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынан борбордун көчөлөрүнө жарык берүүнү калыбына келтирүү кечке чейин аяктай турандыгын ырасташты.

Диспетчер Татьяна Похерева көчөлөргө жарым-жатылай жарык берүү кечээ эле башталгандыгын айтты.

2012-жылдын 28-декабрында  «Бишкексвет» муниципалдык ишканасыны тарабынан көчөлөргө жарык берүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Бул чаралар Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан Бишкек шаарына электр жарыгын берүүдө чектөөлөрдү киргизүү тууралуу кабыл алган чечиминен улам көрүлгөн.

Өз кезегинде чектөөлөр өлкөдөгү энергетикалык каатчылыктан улам киргизилген — декабрдын ортосунда газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашынан улам Кыргызстандын түндүгүндөгү электр тармактары ашыкча жүктөлүштөрдү көтөрө албай калган.

Жарыкты пландуу түрдө өчүрүү 4-январда, Казакстан көгүлтүр от берүүнү калыбына келтирген соң токтотулган.

Электр энергиясын үнөмдөгөн күндөрү Ала-Тоо аянты менен парламент имаратынын жанындагы көчөлөргө жарык берүү күндүз дагы өчүрүлгөн эмес.

Автор: Нуржамал Жаныбекова